Бүткүл дүйнөлүк айкалыштырылган убакыт (англ.
Атомдук убакыттан бүтүн секундга жана дүйнөлүк UT1 убактысынан бөлчөк секундга айырмаланат.
UTC аббревиатурасынын (кыскартылган сөздүн чечмелениши) так чечмелениши жок. 1970-жылы кыскартуу түзүү талап кылынганда, Эл аралык элетрдик байланыш кеңеши англисче CUT = Coordinated Universal Time же французча TUC = Temps Universel Coordonné бул ролго туура келбейт деп эсептеп, нейтралдуу вариант кылып, UTC деп атаган.
UTC системасы эскирген Гринвич ортоктук убакыттын (GMT) ордуна киргизилген. Себеби, GMTнин убакыт шкаласы (көрсөткүчү) Жердин суткалык айлануусуна гана негизделген болчу. Ал эми UTC шкаласы атомдук убакыттын (TAI) шкаласына негизделип, элдин колдонуусуна ыңгайлуу болгон.
UTC менен UT1 ортосундагы айырмачылык 0,9 секунддан ашык эмес, эгерде жогорку тактык керектелбесе, кеңири түшүнүк болгон — дүйнөлүк убакыт (UT) колдонулса боло берет. Азыркы кезде, айрыкча бөлчөктүк секунлд убактысы кереги жок кезде Гринвич боюнча ортоктук убакытты (GMT) UTCтин же UT1дин ордуна алып карасак болот. Эгерде UTC менен UT1 убактыларынын ортосунда олуттуу айырма болсо, Гринвич убактысын колдонушпайт.
Жер шарындагы убакыт аралыктары UTCтан оң жана терс жылуу боюнча көрсөтүлөт.
UTC убактысын кышында да, жайында да которулбаарын эске алып коюшубуз керек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дүйнөлүк такталган убакыт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.