Виктория, Улуу Британиянын королевасы - (25.5.1819, Лондон 22.1.1901, Уайт аралы, Осборн) — Улуу Британиянын королевасы (1837-1901), 1876-жылдан Индиянын императрицасы.
Ганновер династиясынын акыркы өкүлү. Мамлекеттик иштерде королеванын ролу анчалык жогору болбогондугуна карабастан, анын башкарган жылдары «Виктория доору» аталып, анын тушунда Улуу Британия дүйнөдөгү индустриялуу алдыңкы державага жана Британ империясынын борборуна айланган. Викториянын атынан Британ империясынын курамына кирген бир нече шаар, дарыялар, аралдар аталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Виктория (Улуу Британиянын королевасы), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.