Боордош шаарлар ар түрдүү мамлекеттердин өз ара достук мамилени, маданий, чарбалык кызматташтыкты түзгөн жана бекемдеген шаарлары.
Боордош шаарлар бири-биринен тиричилиги, тарыхы жана маданияты менен таанышууга аракет жасап, элдер (улуттар) арасында достук мамилени бекемдөөгө үндөйт. Алар жашоо деңгээлди жакшыртуу максатында түрдүү багыттар боюнча (спорт, чыгармачыл коллективдер, сүрөт көргөзмөлөрү жана башка) делегацияларды бири-бирине жиберишет. Шаарлар арасында мындай кызматташтык 1942-жылдан (Сталинград коргоочуларынын Ковентри шаарынын тургундарынан келген сыймыктануу жана достукка үндөө телеграммасынан) башталган. Бүгүнкү күндө Боордош шаарлардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы уюшулган. 1963-жылдан баштап апрелдин акыркы жекшембиси бүткүл дүйнөлүк боордош шаарлар күнү деп белгиленип келүүдө.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Боордош шаарлар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.