Бойль (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, 31.12.1691, Лондон) англия химик жана физик.
Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин жана философия менен алектенип, кийин химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1665-ж. Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болгон жана химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Бойльга физика боюнча да фундаметтүү илимий чоң эмгектер таандык. Ал 1662-ж. газ закондорунун бирин Бойлъ-Мариотт законун ачкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бойль (Boyle) Роберт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.