Аяз Кучагы

Аяз кучагы (англ.

Ал Disney компаниянын 53чү анимацияланган тасмасы болуп саналат. Ганс Христиан Андерсендин "Кардуу сарайдын королевасы" (англ. The Snow Queen) жомогунан таасирленген анимацияланган тасмада алыс жерлерге качып кеткен эжесин издеп жаш жигит, ишенимдүү бугу жана аңкоо акылдуу кардан адам менен бирге сапарга чыккан тоо жүрөктүү канбийкенин окуясы баяндалат.

"Аяз кучагы" чыгуудан мурун (2011) бир канча жолу өзгөртүлүп түздөлгөн, анын сценарийин Женнифер Ли жана Крис Бак жазган. Кристен Белл, Идина Мензел, Жонатан Грофф, Жош Гад жана Сантино Фонтана анимацияланган тасманын каармандарынын үндөрүн коштогон. Disney компаниянын сыйлыкка ээ болгон "Кагаздан адам" (англ. Paperman, 2012) кыска метраждуу анимацияланган тасма боюнча иштеген Кристоф Бек "Аяз кучагы" үчүн оркестрдик композицияларды жазган, ошол эле учурда Роберт Лопез менен жубайы Кристен Андерсон-Лопез тасмага ыр жазуу менен алек болушкан.

"Аяз кучагы" анимацияланган тасма көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: Оскар сыйлыгынын эки номинациясы - "Эң мыкты анимацияланган тасма" жана "Эң мыкты түп нуска ыр" ("Кое бер" (англ. "Let It Go")), "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты анимацияланган тасма", BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты анимацияланган тасма" номинациясы, беш "Энни" сыйлыгы (анын ицинде "ң мыкты анимацияланган тасма" номинациясы), "Грэмми" сыйлыгынын эки номинациясы -- "Мультфильмге жаздырылган эң мыкты саундтрек жыйнагы" жана "Мультфильмге жаздырылган эң мыкты ыр" ("Кое бер" (англ. "Let It Go")), Critics' Choice Award сыйлыгынын эки номинациясы - "Эң мыкты ыр" ("Кое бер") жана "Эң мыкты анимацияланган тасма".

"Аяз кучагы" тасманын экинчи кыска уландысынын бетачары "Муздуу калгыратма" (англ. Frozen Fever) 2015-жылдын 13-мартында өткөн. "Олафтын кызыктуу окуясы" (англ. Olaf's Frozen Adventure) аталышындагы кыска майрамдык тасманын бетачары Pixar компаниянын "Коко" (англ. Coco) мультфильмы менен кошо 2017-жылдын 22-ноябрында өтөт. 2015-жылдын 12-мартында тасманын толук метраждуу уландысынын чыгышы жарыяланган, анын директорлору ишке кайра кайткан Бак менен Ли болгон, продюсери катары Питер Дель Вечо дайындалган. Анимацияланган тасманын чыгышы 2019-жылдын 27-ноябрга белгиленген.

Сюжети

Каармандар

Шилтемелер

Tags:

Англис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ФразеологизмдерКөк бөрүБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмАнгинаФилософияСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.Жалил СадыковКөп маанилүү сөздөрКыргызстандагы бийик жана бөксө тоолордун рельефиЭтишЛинзаАйтиев Гапар АйтиевичМеталлургияМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыПедагогикалык изилдөө методдоруКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүКадамжай районуБийликКасымалы БаялиновОлимпиялык оюндарЖарандык согушЖакыпКыргызстандын туусуУсун мамлекетиНеологизмСоциалдык тармакГрузияИнсанОрганикалык химияСуюктукКызыл-КыяЧайСтамов АсанбекНоокат районуАктАтомКыргыз адабиятыБайламтаОордук күчАнтонимЭлектр станциясыКедейкан (эпос)ПризмаТоп жылдызИлимий техникалык прогрессАлаш (партия)МаданиятДилбаянЖыл сүрүүБазар экономикасыКожожашЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүАтавизмБалдардын курак мезгилдериКубатбек ЖусубалиевМектепБөлүкчөСеметей эпосуДүйнөлүк диндерСүрөМоголстанСарыкКыргыз оюм чийимдериЖер титирөөСамынМамлекетЖер-суу реформаларыАминдерБразилияБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыГалактикаЭлебаев МукайЖай мезгилиЖугуштуу ооруларЖапонияӨмүр баян🡆 More