Ангара (түркчө ангар - «жазы өрөөн», тунгус-манжур тилдеринде - жарака, капчыгай, шаңшаар) - Иркутск облусу менен Краснояр крайындагы дарыя, Енисейдин суусу мол оң куймасы.
Узундугу 1779 км, алабынын аянты 1040 миң км2. Байкал көлүнөн башталып, Сибирь бөксө тоосунун түштүгү аркылуу агып, ортоңку жана төмөнкү агымында трапптуу аймакты кесип өтөт. Башталгандан көп аралыкка чейин суу сактагыч каскаддары бар. Төмөнкү агымында Мур жана Стрелка босоголору (чатына жакын) шивералар, Мотыгино тушта (мында өрөөнүнүн жазылыгы 10 кмге жетет) аралдар көп. Негизги куймалары: Иркут, Ока (Ия менен), Кова, Тасеева (сол), Илим, Чадобец (оң). Орточо чыгымы башталышында 1920 м3/сек, чатында 5100 м3/сек. Суу сактагыч ноябрдан, төмөнүрөөгү октябрдын аягынан июнга чейин тоңот. Башталышынан тартып (ГЭС плотиналарында кез-кези менен) кеме жүрөт. Ангарада Иркутск, Братск, Усть-Илимск, Богучанск ГЭСтери бар; боюнда Иркутск, Ангарск, Усолье-Сибирск, Свирск, Усть-Илимск шаары жайгашкан.
Ангара | |
---|---|
ОМСР | 16010100112116200000012 |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ангара, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.