Адреналин

Адреналин [1 -(3,4 - диоксифенил) – 2-метиламинэтанол (лат.

аd -жанында, renalis -бөйрөктүн), 1901-ж. бөйрөк үстүндөгү безден кристалл түрүндө бөлүнүп алынган. Структурасы:

Адреналин
Адреналин.

Мол. масс. 183,21. Эрүү t 215-216оС Эки оптикалык изомери кездешет. А. ысык сууда жакшы, орг. эриткичтерде начар эрийт. А. бөйрөк үстүндөгү без, мээ катмарлары клеткаларынан иштелип чыгуучу биологиялык активдүү гормон болуп саналат. Ал кан аркылуу органдарга тарап, өзүнүн физиологиялык таасирин тийгизет. А. канда 0,06 мкг/л жакын, бирок адамдар жана жаныбарлар бир нерседен катуу чочуганда, бири- бири менен күрөшкөндө же адамдар өтө сүйүнгөндө, же капа болгондо анын концентрациясы бир сек. 1000 эсеге көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул кубулуштарга ыңгайланышат. А. гомологдору – норадреналин, изопропиладреналин табылган. Булар углеводдордун, белоктун, майлардын алмашуусун жөнгө салуу менен жүрөк, кан тамыр, дене булчуңдарынын, ички органдар иштешине көмөк көрсөтөт. А. жана анын гомологдорунун биосинтези ферменттер катышуусунда тирозинден башталат. А. пирокатехинге окшош мүнөздүү реакцияларга кирет, мис., окистенгенде о-хинон туундуларын, FeCI3 менен жашыл түстөгү затты пайда кылат. А.гидрохлориди медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КожожашКыргыз улуттук опера жана балет театрыСот бийлигиБөйрөк ишинин начарлашыМорфологияТамсилМакал лакапАндрон маданиятыКубанычбек МаликовКыргызстандагы металлдарБиринчи мугалимКүрөшБуйрук сүйлөмАминдерКыргыз Республикасынын Кызыл китебиҮндүү тыбыштарТаш-РабатКыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайыМультимедиаЭлектр каршылыгыМакмал алтын кениЖакшылыков АсанБайламтаПрокуратураАбсамат МасалиевЭлектр чыңалуусуБийликБорбордук нерв системасыӨзгөргүчтүкБир өңчөй мүчөКиринди сүйлөмБаяндамаАкматбекова, СагынОмонимШүкүрбеков РайканКыргызстандын туусуЧүйОкутуу методуАт атоочЗомбулукХайду мамлекетиКүндөрдүн аталышыХимиялык булаларДаван мамлекетиВитаминдерОрфографияОмор СултановАмир ТемирАянтЖайлооКыргыз философиясыКыргыз элинин калыптанышыБаяндоочТамак сиңирүү системасыКүнСайтУсун мамлекетиЖаз мезгилиБизнес-планКыргыз аттарыКыргызстандагы жаныбарларТабигый ресурстар, жaратылышЭмгекИнсанБектурсун АлымовКан айланууТукум куугучтукКанСооронбай ЖусуевАң-сезимМанасАрхитектуралык эстеликтерГепатит АНарын дарыясыЫкташууИч көбүү (метеоризм)🡆 More