Планета

Планета (грек.

Планета
Планета өлчөмүндөгү объектилер:
Үстүнкү катар: Уран жана Нептун; астынкы катар: Жер, Сириус B, Чолпон.
Планета
Жогорудагы сүрөттүн эң төмөнкү катарынын чоңойтулагыны: Марс жана Меркурий; астында: Ай, кодоо планеталар Плутон жана Хаумеа.

Күн тутумунун планеталары

Азыркы кезде Күн системасында 8 планета белгилүү: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун. Мындан башка бир нече миң кичине планеталар бар. Планеталар Күндүн түрдүү аралыкта жайгашып, анын айланасында эллипс орбитасы бонча кыймылдашат. Күнгө эң жакыны Меркурий, эң алысы Плутон. Алар негизинен Марс жана Юпитердин орбиталарынын ортосунда кыймылдашат. планеталар жылдыздар арасындагы кыймылдарынын өзгөчөлүктөрү бонча жогорку планеталар жана төмөнкү планеталарга бөлүнөт. Ал эми физ. чоңдуктары бонча Жер тобундагы планеталарга (Меркурий, Чолпон, Жер, Марс) жана зор планеталарга (Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун) айырмаланат. Бул эки топтун ар бирине кирген планеталардын орточо тыгыздыгы, өлчөмү, химиялык курамы бонча бири бирине өтө жакын, бирок бир топ экинчисинен жогорудагы чоңдуктар бонча кескин айырмаланат. Плутон эки топтун бирине да кирбейт. Ал химиялык курамы бонча экинчи топко, ал эми өлчөмү бонча 1-топко жакын.

Планета аралык чөйрөкүн системасындагы планеталардын ортосундагы мейкиндикти толтурган заттар. Мындай заттар Күндүн айланасында кыймылдоочу өлчөмдөрү түрдүү чоңдуктагы катуу нерселерден, бөлүкчөлөрдөн жана Күндүн учуп чыккан электр заряддуу элементардык бөлүкчөлөрдөн (иондор жана электрондордон) турат. Катуу нерселердин жана бөлүкчөлөрдүн өлчөмү жүздөгөн метрден микронго чейинки чоңдукта болот. Планета аралык чөйрөнүн курамына кирүүчү зат кичине планеталар кагылышып быркырагандан пайда болот. Планета аралык чөйрөнүн түзүүчү катуу бөлүгү метеордук зат, анткени катуу бөлүкчөлөр Жер атмосферасына киргенде метеорду пайда кылат. Атмосфера жана Жердин магнит талаасы Жердин бетин Планета аралык чөйрөнүн таасиринен сактап турат.

Планеталардын Күн менен биригүүсү – планеталардын эклиптика узундугу Күндүн узактыгы менен дал келген жана Жердеги байкоочуга планета Күндүн алдында же анын артында жайгашкан учурдагы абалы.

Планеталардын түз кыймылы - планеталардын батыштан чыгышты көздөй көрүнүүчү кыймылы.

Планетанын аракеттенүү сферасы – борбордук тело катары Күн эмес планета (же Ай) болгон планета айланасындагы мейкиндик. Бул учурда эсептөө жөнөкөйлөнөт, анткени сферада Күндүн телону тартуу күчү планетанын тартуу күчүнөн аз. Сферанын ичинде жана андан тышкаркы чекте учураган телого Күн, планеталар ж.б. телолордун тартуу күчтөрү аракет этет.

Планетанын перигелий аркылуу мөөнөтү – асман телосунун убакыттын белгилүү учурунда орбитадагы абалын аныктоочу чоңдуктардын (параметрлердин) бири. Кеплердин законунун жардамы менен аныкталат.

Булактар

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9

Tags:

wikt:πλανήτηςГрек тилиЖылдыз

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыБашкаруу байланышыИнтернет тарыхыВитамин АЖакшылыков АсанТөрөтУсубалиев Турдакун УсубалиевичВолейболШамалКол өнөрчүлүкМагнит талаасыТянь-Шандын түндүк тизмегиМектепБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыОрусияБиологияЖандоочСабат ачууБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрКөк бөрүАмир ТемирБөйрөк ишинин начарлашыАйкындоочСүймөнкул ЧокморовПрозаКыргызстанОсмонбеков, АрстаналыАба (атмосфера)Алай районуГеометриялык түзүүКоло дооруИталияЗаара бөлүп чыгаруу системасыШарттуу белгилерАгробиоценозКеңеш ЖусуповБелок структураларыДинКамсыздандырууАлександр МакедонскийЭлектр каршылыгыТогуз коргоолДыйканчылыкСелКошожашАрхитектуралык эстеликтерОшТамак сиңирүү системасыЗат жана энергия алмашууИндияҮндүү тыбыштарМанас эпосуКуркуре дарыясы (Чулышман куймасы)Кыргыз элинин калыптанышыЕвразияАлмаАйыл чарбаКыргыздын улуттук кийимдериЭссеСенек жылдарКайра курууАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиТынч океанЛирикаКомплекстүү бирикмелерАксонометриялык проекцияларАлмамбеттин баяныКыргыз улуттук опера жана балет театрыКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыИчки Теңир-ТооМиграцияАфрикаНептунЖердин магнит талаасыБиоценозКыргызстандын гимниТемперамент🡆 More