Химиялык Элемент Уран

Уран (химиялык элемент) - (лат.

Uranium, U) - элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы радио активдүү элемент.

Химиялык Элемент Уран
Уран.

Актиноиддерге кирет. К. н. 92, ат. м. 238,029. Урандын м. сандары 228U - 241U болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 237U. Жер кыртышынын (массасы боюнча) 3-10 4 % ин тузөт. 1789-ж. немис химиги Мартин Генрих Клапрот ачкан, металл түрүндөгү 1841-ж. фр. химиги Эжен Пелиго У. 11С14тү калий менен калыбына келтирүүдөн алган: UC1.+ 4К = U + 4KC1 4 Табиятта Уран отенит, титаниттер, танталониобат ж. б. минералдардын курамында болот. Ак түстөгү, оор металл; б. эрүү t 1572°С; кайноо t 4487°С; бирикмелеринде +3, +4, +5 жана +6 (кээде +2) окистенүү даражаларьш көрсөтөт. Уран кычкылтек менен U02, U03, U203 оксиддерди, галогендер менен галогениддерди, азот менен 450-700°Сде U4N7 нитридди, көмүртек менен карбидди, металлдар менен ар түрдүү куймаларды пайда кылат. Уран туз, азот к-таларында жакшы эрийт, ал эми щелочтор менен реакцияга кирбейт. Урандын (III) валенттүү бирикмелери күчтүү калыбына келтиргич заттар. Уран жана анын бирикмелери АЭСте ядро реактор отуну катары, ошондой эле металлургияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Латын тилиЭлементтердин мезгилдик системасы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Молдо Нияз Эрназар уулуЭнесай кыргыздарыРадиоактивдүүлүкТопонимикаАк кууларСарыкАраб халифатыФизикалык чоңдуктардын бирдиктериЖоомарт БөкөнбаевБалыкIP-дарекТүгөлбай СыдыкбековКыргызстандын географиясыКан агууТермелүү кыймылыИлептүү сүйлөмМоголстанБийликтин бөлүнүү теориясыАк кеме (тасма)ӨпкөГлобалдык экологиялык проблемаларТүшүндүрмө мүчөКыргыз мөңгүлөрүИлон МаскТоголок Молдонун чыгармаларыБекмурат уулу БоромбайЭволюцияРентген нурларыДыйканчылыкКыргыз эли колдонгон жазууларЖусуп Баласагындын Кут Билим дастаныӨздүк гигиенаОсмон империясыИчки Теңир-ТооФутболАрстанбек Буйлаш уулуБийликтин бөлүнүшүОрусияИшмердүүлүкЖаратылышКыргызстандын туусуЭлектр зарядыАлмамбеттин баяныАбай КунанбаевТурусбеков ЖусупБизнесСөз түркүмүМахабат дастаныМеталлКыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата ЖуртуМаалымат технологиясыКартаКыргыздардын улуттук кийимиШайлообек ДүйшеевЖүрөк-кан тамыр системасыЖыныстык жол менен жугуучу инфекцияларТебетейАппендицитКездемеКиринди сөзБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмАйыл чарбаКыргыз урууларыБилим берүүЖарык дисперсиясы«Жаңыл Мырза»Төлөгөн КасымбековГенотип жана фенотипБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыPythonУзак жолКоруктарДем алуу системасыЖапония🡆 More