Диана Войт (чын аты – Диана Фаритовна Исхакова) (11-сентябрь 1989, Фрунзе, Кыргызстан) – кыргызстандык спортчу, ишкер жана коомдук ишмер.
Диана Войт | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы | Аял |
Толук аты-жөнү | Диана Фаритовна Исхакова |
Жарандыгы | |
Төрөлгөн жери | |
Бою | 173 см |
| |
Diana Voit |
2011-жылы Диана Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. 2011–2012-жылдары “Лоренц” эл аралык юридикалык фирмасында, 2012–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын “Юриспруденция” кафедрасында окутуучу, 2014–2015-жылдары “Bishkek International School” эл аралык мектебинде юрист болуп эмгектенген.
2016-жылы ишкердикте карьерасын баштап, 2023-жылга карата Бишкекте 5 филиалы жана Алматыда 1 филиалы бар “La Letty”эл аралык эпиляция студиясы тармагын түптөгөн.
2020-жылдан тартып BOSWomen, SELFmama, V Balance эл аралык аялдар бизнес форумдарында баяндамачы болуп келет.
2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Жылдын ишкер айымы–2022” дипломун алган.
2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Чыгармачыл өнөр жай ассоциациясынын мүчөсү.
Жашоону системалаштыруу боюнча практикумдун автору.
2022-жылы 170 смге чейинки фитнес-бикини категориясында бодибилдинг боюнча Amateur Olympia India эл аралык чемпионатын жеңип алган жана алдыдагы турнирлерге профессионалдар арасында катышууга укук берген IFBB PRO лига картасынын ээси болгон.
Лыжа тебүүнү да жакшы көрөт. 2022-жылдын январь айында Кыргызстандын туусун көтөрүп, улуттук кийимчен лыжа тепкен видеосу Кыргызстанда укмуштай популярдуу болгон.
2014-жылы турмуш курган. 2017-жылы төрөлгөн уулдун энеси.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диана Войт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.