Энрико Карузо – италиялык ырчы (тенор).
2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер] – италиялык ырчы (тенор). Алгач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–98-жылы Италиянын көптөгөн шаарларында, 1900–01-жылдары Миландын «Ла-Скала» театрында ырдаган. 1903–20 -жылы Нью-Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын солисти. 1898жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Италияга жыл сайын барып турган. Карузо дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды [Герцог, Манрико, Радамес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Каварадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тоска», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») жана башка] аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү менен ырдаган. Карузо фортепьянодо, гитарада, флейтада, трубада ойногон, таланттуу карикатурист да болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Энрико Карузо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.