Франсиско Хосе де Гойя-и-Лусьентес (1746, Фуэндетодос, Сарагосага жакын – 1828, Бордо) – испан живописчиси жана гравёру.
1760-ж. Сарагоса шаарында Х. Лусан-и-Мартинестен окуган. 1773-ж. Мадриддеги Ф. Байонун өнөрканасында иштейт. 1776–80 жана 1786–91-ж. дубалга жабыштырылуучу кагаздарды чыгара турган королдук ишкана үчүн 60тан ашык панно жасайт. Г. бул чыгармаларында (“Идиш сатуучу”, “Мадрид базары”, 1778, “Жараланган ташчы”, 1786-ж. б.) ошол учурда испан искусствосуна күчтүү таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу жана классицизмдин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып чебер портретчи катары таанылат. Г. 1785-ж. Мадрид сүрөт академиясына вице-директор, ал эми 1795-жылдан ошол академияда живопись бөлүмүнө директор. 1786-жылдан тартып королдун сарайында иштейт. Бул мезгилде Г. графикага өзгөчө кызыга баштайт. 1790–1800-ж. Г-нын портрет искусствосунун бийик чокусуна жеткен мезгили болот: “Капричос” (1797–98), “Согуш кырсыктары” (1810–20) деген атактуу офорттор сериясын жаратат. Мунун биринчисинде испан коомунун саясый жана нравалык негиздерин ашкерелесе, экинчисинде наполеондук баскынчыларга каршы күрөшүп жаткан испан элинин тагдыры философиялык жактан чагылдырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Франсиско Гойя, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.