Феодализм (лат.
Феодализм түшүнүгү 18-кылымда Француз революциясынын (1789-94) алдында жаралып, «Эски тартип» (чексиз монархия, дворяндардын бийлиги) дегенди түшүндүргөн. Марксизм окуусунда Феодализм капитализмдин жаралуусун шарттоочу кул ээлик доордон кийинки коомдук-экономикалык формация катары каралат. Азыркы мезгилдеги тарых илими Ф-ди, айрым белгилери дүйнөнүн башка региондорунан кездешсе да, Батыш жана Борбордук Европада гана о. кылым доорунда өкүм сүргөн социалдык система катары карайт. Феодализмдин негизин коомдогу вассалдар менен сеньерлор, дыйкандар менен ири жер ээлери ортосундагы мамилелер аныктайт. Феодализмге рыцардык аскер уюму жана мыйзам тарабынан бекемделген уруулук юридикалык теңсиздик мүнөздүү. Феодализмдин идеологиялык-ыймандык негизин о. кылымдын маданиятын аныктап турган христианчылык түзгөн. Кыргыздар Феодализмдин өнүккөн классикалык формасын басып өткөн эмес. Кыргыздарда патриархалдык-феодалдык, патриархалдык-уруучулук коом өкүм сүргөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Феодализм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.