Тышкы Саясат

Тышкы саясат - бир мамлекеттин башка мамлекеттер, уюмдар, партиялар, өкүлдөр ж.

б. субъекттер менен жүргүзгөн эл аралык саясий ишмердиги.

Тышкы саясат ички саясаттын уландысы, алар ар кандай каражаттар жана ыкмалар аркылуу бөлөк мамлекеттер менен болгон мамилелердин (экон., маданий, аскердик ж. б.) абалын чагылдырат. Тышкы саясаттын эң башкы максаты - мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эл аралык мамилелердин чегинде ыңгайлуу шарттарды түзүүнү ар тараптан камсыздоо. Дүйнөдөгү эки жүзгө жакын мамлекеттердин ар биринин өзүнө таандык кызыкчылыктары бар, ошондуктан Тышкы саясат аларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда, айрыкча, коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, экономика маселелери эң эле актуалдуу бойдон кылууда. Тышкы саясат: элчилик, өкмөт департаменттери, тышкы иштер министрликтери, консулдуктар ж. б. чет өлкөлөрдө тузүлгөн атайын расмий органдар аркылуу жүргүзүлөт. Тышкы саясат социалдык-экон., илимий-тех., финансы-кредиттик жана маданий байланыштарын ишке ашырат. Саясий сүйлөшүүлөрдө компромисске жетишүү чеберчилиги - Тышкы саясаттын негизги маселеси. Негизги маселелеринин бири - ар бир элдин жана жалпы эле бүтүндөй адамзаттын кызыкчылыктарын коргоо жана сактоону ишке ашыруу. Бул максатка жетишүүнүн бирден-бир универсалдуу механизми - өлкөлөрдүн өз ара тынчтык мамиледе жашоосун камсыздоо.

Колдонулган адабияттар

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Мамлекет

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүБилимКанМыйзам (укук)Тянь-Шандын түндүк тизмегиАк кеме (тасма)ПланетаКлетка теориясыАмерика Кошмо ШтаттарыКожомбердиев ТурарЧуст маданиятыӨзгөргүчтүкБөтөн сөзМакал лакапЖаныбарСуу ЧечекАйлана-чөйрөГалогендерПлазмаТабиятЧоң казатЭлектр өткөргүчтүкВирусКанадаАтоочтукАксонометриялык проекцияларЖуңгар хандыгыАтоочтук сүйлөмЧыңгыз ханНеологизмдерЖайлооБиоценоздогу организмдер байланышыКүнКаакымАң-сезимАнжиян көтөрүлүшүҮндөштүкЭкинчи дүйнөлүк согушБалдардын курак мезгилдериБышыктоочБөйрөкСеметей эпосуКазат АкматовАйгүл гүлүМолдо НиязСоветтер Союзунун баатырлары«Кыргыз» этнонимиКумтөрХайду мамлекетиПирамида (геометрияда)Кулмырза менен АксаткынОрмон ханЧагылганКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыВолейболАба транспортуТилИшеним катСабатсыздыкты жоюуТопурак эрозиясыГаздардагы электр разрядыӨзгөн архитектуралык комплексиСуюктукӨзбекстанМуун (лингвистика)Кыргыз-Казак согушу (1846)Жыйырма сегиз панфиловчуларГепатит АТоктогул ырчыЧүй облусуКомпьютердик графика –Калык АкиевАлымбек даткаЫсык-КөлЖугуштуу ооруларКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору🡆 More