Бёрнс Роберт - (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй кыштагы 21.7.1796, Дамфрис шаары) шотланд акыны.
Жаштайынан жакырчылыктын каарын тарткан. Өз алдынча окуп билим алган. Шотландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жашынан ыр жаза баштаган. Жергиликтүү чиркөө төбөлдөрүн келекелеген «Эки койчу» (1784), «Сопусунган Виллинин сыйынуусу» (1785) аттуу сатиралык поэмаларын жазган. «Негизинен шотланд диалектисинде жазылган ырлар» (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн. «Брюс шотландиялыктарга» деген патриоттук гимндин, «Шайыр жакырлар» кантатасынын, граждандык жана ашыктык лириканын («Эркиндик дарагы» ж. б.) автору. Ал өзүнүн поэзиясы менен байланышкан Шотландиянын музыкалык жана поэзия фольклорун чогултуп, басмага даярдаган. Анын лирикасындагы негизги жанр ыр. Бёрнстын ырлары 19-кылымдын башынан орусчага которула баштаган. Айрым ырлары кыргыз тилине да которулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Роберт Бёрнс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.