Питкэрн аралы – Улуу Британиянын Тынч океандагы жалгыз «деңиздеги алыскы аймагы» (1838-жылдан).
Тынч океандын түштүк-чыгышында жайгашып, батышынан Француз Полинезиясы менен чектешет. Арал жанар тоонун (өчкөн, бийиктиги 335 м) аракетинен пайда болгон ээн аралдардан [Хендерсон (аянты боюнча эң чон, 37,3 км2), Дюси (Дьюси) жана Оэно] жана шуру рифтеринен турат. Жалпы аянты 47 км2. Калкы 56 (2013); англис моряктары («Баунти» кемеси 1790-ж. ушул жерде кыйроого учураган) менен полинезиялыктардын аралаш никесинен келип чыккан. Калкынын орточо жыиггыгы 1 км2 жерге 1,4 киши. Расмий тили - англис тили (питкэрн тилинде да сүйлөшөт). Борбору – Адамстаун (аралдагы жалгыз тургун жай). Климаты деңиздик субтропиктик. Орточо айлык температурасы кышында августта 18°С, жайында февралда 24°С. Жээк сызыктары өтө тилмеленген. Жакын жайгашкан аралдары – Пасхи, француздук Полинезияга караштуу Туамоту жана Гамбье (бул аралдар ичүүчү суунун жоктугунан ээн; булардын узундугу 3 км, туурасы 1,5 км).
Арал европалыктар тарабынан 1767-ж. ачылган. 1790-жылдан эл келе баштаган. Улуу Британиянын Жаңы Зеландиядагы жогорку комиссары (эки кызматты тең аткарат) Аралда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы – бир палаталуу аралдар кеңеши бар. Аралдын топурагы күрдүү. Жашылча-жемиш, цитрус жана бакча өсүмдүктөрү, бал камыш, банан, ямс жана буурчак өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Газ жана дизель менен иштеген электр станцияларынан электр энергиясы өндүрүлөт. 1988-жылдан монета (негизинен жүгүртүлбөйт) чегилет. Почта маркаларын чыгарат. Билим берүүсү 5 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө окушат. Туризм өнүккөн. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Питкэрн аралы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.