Паралимпиада оюндары — Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өткөрүлүүчү эл аралык спорттук мелдеш.
Аталышы англичандардын «parapledgia» деген сөзүнөн келип чыккан. Бизче «кол-буттун шалдыгы» дегенди билдирет. Бул мелдешке алгач омуртка оорусунан жабыркагандар катыша баштаса, кийин башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышууга өткөн. Паралимпиаданы «Олимпиада менен катар» деп түшүнүүгө да болот.
Майыптардын спорт чөйрөсүнө баш багуусуна англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын ролу чоң. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун тушунда Сток-Мандевиль госпиталында жүлүнү жабыркап майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт. Майыптарга дарылык терапия жүргүзүү кезинде жаа тарттырып, бастырып, айтор, спорт чөйрөсүнө жетелейт. Ошентип, ал жарым жан ардагерлерге спорт тармагына жол ачык экенин сездирген соң мелдеш өткөрүүгө бел байлайт. Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылга туш келип, госпиталдын атынан «Сток-Мандевиль» деп аталып, кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштайт.
1960-жылы «Сток-Мандевиль» мелдешинин 9-жолкусу Римдеги Олимпиада оюндарына удаа өтөт. Иш жүзүндө бул алгачкы Паралимпиадалык оюн болуп калат да, ага 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат. 4 жылдан соң майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө туу көтөрүлүп, гимн ойнолот. Мелдештин расмий эмблемасы да ушул жылы жарык көрөт. 1976-жылдан бери кышкы жана жайкы оюндары өтүп келет.
Бул мелдеш тарыхында эрки күчтүү спортчулар жолугат. Мисалы, «Токио-1964» Паралимпиадалык оюндарда бир канча эрдиктер жаралат. Италиялык Роберто Марсон Токиодо (1964-жылы) жеңил атлетика боюнча 2 алтын медаль алган. Ал ошол эле учурда сууда сүзүү жана фехтование менен да машыктыруучу. 4 жылдан соң Израилде ал спорттун аталган 3 түрү боюнча 9 медаль тагындырган. «Торонто-1976». Бул мелдештин баатыры, канадалык 18 жашар Арни Больд болгон. 3 жашында 1 бутунан айрылган Больд бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койгон (186 сантиметр). 1980-жылы бул рекордун 196 сантиметрге жеткирген. «Сидней-2000». Австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон — акыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган спортчу. Дүйнөлүк рекорддорду жаратып, 6 ирет алтын медаль тагынган. «Афины-2004». Америкалык Триша Зорн (көзү сокур) 40 жашында өзүнүн 55-медалын утуп алган. Ал 6 ирет Паралимпиадалык оюндарга катышып, 9 ирет дүйнөлүк рекорд орноткон. «Бээжин-2008». Оскар Писториус (ТАР) протездүү жөө күлүк Бээжиндеги Паралимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Бул анын 3-жолку чемпион болгону эле. 11 айында тубаса дарт менен 2 бутунан тең айрылган спортчу: «Эми 1 гана кыялым калды. Ал «Лондон-2012» Олимпиадасына (соолор арасында) катышуу»,- дейт.
Паралимпиадалык оюндардын программасына 20дан ашуун спорт түрү кирген.
Жайкы спорт түрлөрү:
Кышкы түрлөрү:
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Паралимпиада оюндары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.