Ош — Кыргызстандын экинчи ири жана Орто Азиянын эң байыркы шаарларынын бири.
Ош расмий эмес аталыштарда Кыргызстандын экинчи борбору жана деп аталат.
Ош | |||
Ош абамайданы | |||
| |||
Баш ийгени | Мамлекеттик денгээлдеги шаар | ||
---|---|---|---|
Өлкө | |||
Мэр | Мамбетов Алмаз | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 5-октябрь | ||
Биринчи белгиленген | IX кылым | ||
Аянты | 182, | ||
Бийиктиктиги | 870—1100 | ||
Калкы | |||
Расмий тили | кыргыз тили | ||
Калкынын саны | ▲ 322 164 (2021) | ||
Жыштыгы | 4935 адам/км2 | ||
Агломерациясы | 1 000 000 | ||
Улуттук курамы | өзбектер - 48%, кыргыздар -43%, орустар - 2,7%, башка улуттар - 6% | ||
Диний курамы | мусулман, христиан | ||
Этнохроним | оштук, оштуктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +6 | ||
Телефон коду | +996 3222 | ||
Почта индекси | 723500 (714000 мурдагысы) | ||
Автоунаа коду | 02, O, Z | ||
oshcity.kg |
Бул өлкөдөгү эң эски шаар (болжол менен 3000 жылдан ашуун), 1939-жылдан бери Ош облусунун административдик борбору болуп саналат.
2021-жылы шаардын этностук аралаш калкынын саны 322,164 адам болгон, кыргыз, өзбек, украин, орус, корей жана башка чакан этносторду камтыйт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан 5 км алыстыкта жайгашкан. Ал белгилүү Ислам аалымы үчүн белгилүү.
Ош — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын шаары. 2012-жылдын үчтүн айынын (январь) бирине карата шаар калкынын саны 230 200 адамды түзгөн. Ош шаарына шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Ош шаарынын калкы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп бааланган.
Ош шаарында өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашашат. Ош шаарын 50% тургундары Ислам (сунний) динин карманат.
Жыл | 1914 | 1939 | 1959 | 1970 | 1974 | 1979 | 1989 | 1991 | 1999 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2015 | 2017 | 2018 |
Калк, миң жашоочу. | 46 | 33 | 65 | 120 | 143 | 169 | 213 | 212 | 212 | 220 | 235 | 231 | 230 | 243 | 251 | 288 |
Улут | Саны 2009 жылдын эл каттоосу боюнча | Бөлүк (%) |
---|---|---|
Баары | 232 816 | 100,00 % |
Өзбектер | 112 469 | 48,31 % |
Кыргыздар | 100 218 | 43,05 % |
Орустар | 6 292 | 2,70 % |
Түрктөр | 5 506 | 2,36 % |
Татарлар | 2 703 | 1,16 % |
Түркмөндөр | 885 | 0,38 % |
Уйгурлар | 791 | 0,34 % |
Тажиктер | 679 | 0,29 % |
Азербайджандыктар | 587 | 0,25 % |
Украиндиктер | 379 | 0,16 % |
Корейлер | 319 | 0,14 % |
Казактар | 265 | 0,11 % |
Кытайлыктар | 221 | 0,09 % |
Күрдүлөр | 199 | 0,09 % |
Дунгандар | 92 | 0,04 % |
Немецтер | 90 | 0,04 % |
башкалар | 1121 | 0,48 % |
Шаар Борбордук Азиядагы эң байыркы калктуу конуштардын бири. Ош шаары 8-кылымда Улуу жибек жолунун боюнда жибек өндүрүү борбору катары белгилүү болгон жана б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. өндүрүлгөн жибек атактуу соода жолу Алай тоолорунан өтүп Чыгыштагы Кашкарга жеткен.
8–10-кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.
Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырымдай. Калкы 200,5 миң адам. Шаар тургундарынын 43,70% - кыргыздар, 47.60% - өзбектер, калганы - орустар, түрктөр, уйгурлар, татарлар, тажиктер, лөлүлөр жана башка улут өкүлдөрү.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ош, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.