Тажиктер – иран эли, Тажикстандын жергиликтүү калкы.
Афганстан (8 000 000), Өзбекстан (1 165 713), Пакистан(1 000 000), Россия (200 303), Кыргызстан (46 105), Казахстан (36 277), Украина (4 255), Беларус (871) жана Латвияда (123) да жашашат. Жалпы саны 20 млн киши, анын ичинде Тажикстанда 6 373 800 (2010). Тажик жана дар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – ислам-сунниттер. Тажиктердин этностук негизин согдийлер, бактрийлер жана чыгыш-иран элдери түзөт. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк. Эркектердин салттуу кийими – туника сымал көйнөк, кенен ыштан, шырыма чапан; белине жоолук кур курчанат, башына саймаланган топу (каллапуш) кийип же чалма оронот. Аялдары саймаланган туника сымал түстүү көйнөк, ыштан кийип, башына төрт кырдуу, саймаланган топу же жоолук салынып, кооздуктарды (негизинен күмүш) тагынышат. Тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиш, жашылчалар. Суусундукка көк чай ичишет.
Тажик — этноним. "Манас" эпосунда кыргыздарга канатташ жашаган эл катары баяндалат. Эпостун негизги каармандарынын бири Манастын жары Каныкей тажик каны Атемир кызы. "Манас" эпосунда "Манастын Каныкейди алганы", "Манастын күйөөлөп барганы" эпизоддорунда (Сагымбай Орозбаков, 3. 438) кыргыздар менен тажиктердин мамилелери кеңири сүрөттөлөт. "Семетей" эпосунда Семетейдин балалык чагы тажик элинде өтөт. Эпосто, ошондой эле Музбурчак деген каарман да "Тажиктен чыккан Музбурчак" (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 851-инв. 382-б.), — деп айтылат. Демек, Т-тер эпостун окуяларына активдүү катышкан эл катары сүрөттөлгөн. Т-тер азыркы учурда Тажик ССРинин негизги калкы. Тажик элинин калыптануу процесси биздин заманга чейин2-миң жылдыктан башталып, биздин замандын 9—10-кылымында аяктаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тажиктер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.