Улуу жибек жолу — б.з.ч.
2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы.
Бул жол Чыгышта - Кытай, Батышта - Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө - Чыгыш Европаны жана Сибир аймагын, түштүктө - Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.
Кыргызстан аймагы да Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.
Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.
Эне-Сай Кыргыз кагандыгы менен Орто Азиянын бириктирген сода жолу Кыргыз жолу деп аталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Улуу жибек жолу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.