Корейлер [өздөрүн Корей Республикасында хангук-сарам; Корей Элдик Демократия Республикасында (КЭДР) чосон сарам; мурунку Советтер Союзунда жашагандар корё сарам деп аташат) — эл, Корея Республикасынын (46,9 млн) жана КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы.
Жалпы саны 78 млн киши, анын ичинде Кытайда 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, Россия Федерациясында 148,6 миң, Казакстанда 99,7 миң, Кыргызстанда 19 миң, Тажикстанда 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чыгыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдарынан. Корейлердин этностук негизин палеоазиат, протоалтай жана австронезия уруулары түзгөн. 10—14-кылымдарда эл болуп калыптанган. Корейлер дыйканчылык, мал чарбачылык, жибекчилик жана балык кармоочулук менен кесиптенип, дубалы жыгачтан салынып, ылай менен шыбалган үйлөрдө жашашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган ондоль (мештин мору полдун алдына салынгандыктан, жылуу полго укташат) аркылуу жылыйт. Бул система көп кабаттуу үйлөрдө да колдонулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайгандары кышкысын мех чыптама же узун халат (трумаги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), кенен тигилген ыштан жана юбка (чхима), ошондой эле европа стилинде кийимдерди кийип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен тузсуз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашылчалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корейлер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.