Муссон (ар.
маусим – жыл мезгили) – жыл мезгили боюнча туруктуу соккон шамал. Ал кышында кургактыктан деңизди, жайында тескерисинче, деңизден кургактыкты карай согот. Муссон жыл мезгилдеринде кургактык менен деңиздин бирдей жылыбагандыгынан абадагы басымдын ар кыл болушунан пайда болот. Суу кургактыкка караганда жай ысып, жай муздагандыктан, жайында кургактык үстүндөгү абага караганда деңиз үстүндө абанын температурасы төмөнүрөөк, аба басымы жогору болгондуктан, муссон шамалы деңизден кургактыкты карай согот. Кышында, тескерисинче, кургактык тез сууп, абанын темпрасы төмөн, басым жогору болгондуктан, шамал кургактыктан деңизди карай согот. Муссон климатынын өзгөчөлүгү – кышы ала булуттуу келип, кургакчыл, жайы нымдуу, жаан-чачындуу болот. Бул аба агымы тропиктик (Инди океанынын алабына мүнөздүү) жана тропиктен сырткары муссон (Чыгыш Азияга, Ыраакы Чыгышка мүнөздүү) болуп бөлүнөт, к. Муссон климаты.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Муссон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.