Моңгол тилдери – моңгол элдеринин тили.
14–16-кылым ченде (Чыңгызхан негиздеген империянын кулашы менен) байыркы моңгол уруулары үчүн орток болгон моңгол тилинин диалектилеринен куралган Моңгол тилдери мына булар: түндүк моңгол – сингармониялык тилдер (к. Сингармонизм) – халха-моңгол тили, бурят, калмак, ойрот тилдери; түштүк-чыгыш – сингармониялык эмес тилдер – дагур (Түн.-Чыгыш Кытайда), дунсян, монгор, баоань (Цинхай, Ганьсу провинциясы; баары жазмасыз); арабөк тилдер – жазмалуу байыркы моңгол жазма тили, моңгол тили. Улуттук бирдиктүү мамлекети түзүлгөнгө чейин моңголдор өнүккөн адабий тилге жана жазууга ээ болгон эмес. 16–17-кылымда моңголдордун мамлекеттүүлүгүнүн бүлүнүшү ошол эле моңгол тилинин жок болуп кетүү коркунучуна алып келген эмес. Анткени ошол мезгилде түндүкменен түштүктүн маданий байланышына жана тилдик карым-катнашына каражат катары кызмат кылган анын адабий формасы калыптанып калган эле. Булардан кыйла изилденип калгандары – моңгол, бурят жана калмак тилдери.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Моңгол тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.