Хемосинтез - кээ бир бактериялардын органикалык эмес заттарды кычкылдандырып, андан пайда болгон энергиянын жардамы аркылуу көмүр кычкыл газынан жана суудан органикалык заттарды түзүү процессин, кеңири белгилүү өкүлдөрү азот топтоочу жана түссүз күкүрт бактериялары болуп эсептелет.
Алар аммиакты нитритке, айрымдары нитритти нитратка, кээ бири күкүрттүү суутекти күкүрткө ж. б-ды кычкылдандырып, өзүнө белгилүү өлчөмдө энергия топтойт. Хемосинтез жарык энергиясын эмес, кычкылдануу - калыбына келүү реакциясынан алынган энергияны сарп кылуу менен фотосинтезден айырмаланат. Хемосинтез бактериялары топуракты нитраттарга байытып, жердин асылдуулугун камсыз кылат. Күкүрт бактериялары деңиздерде көп жыйналуучу, жашоо үчүн жараксыз күкүрттүү суутекти кычкылдандырып, зыянсыз форматта айландырып турат. Жалпысынан Хемосинтез түзүлүшү фотосинтез менен бирдикте табиятты органикалык заттар менен байытууда зор мааниге ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хемосинтез, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.