Лыжа спорту – кышкы спорттун бир түрү.
Лыжа катуу жыгач, кайың, желим, жылып жүрүүчү тамандын эки чекеси катуу материалдардан (бук, эмен, гикарь) даярдалат. Лыжа спорту лыжа менен ар кандай аралыктарга жарышууну (гонки), бута атып, лыжа менен жарышууну (биатлон), лыжанын эки түрүн (жарышуу жана секирүү), лыжа менен секичеден (трамплинден) секирүүнү, тоо-лыжа спортун, слаломду (желекчелер менен белгиленген атайын трасса аркылуу тоодон түшүү), чоң слаломду, фристайлды камтыйт. Лыжаны спортто алгач норвегдер 1555- жылдан колдоно башташкан. 1767-ж. Лыжа спортунун бардык түрү боюнча алгачкы мелдеш өткөрүлгөн. 1924-ж. Эл аралык лыжа федерациясы негизделип, олимпиялык оюндардын, 1929-ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына киргизилет. Лыжа спорту Кыргызстанда 1920-жылдан массалык түрдө өнүгө баштаган. 1936-ж. Караколдо лыжа спорту боюнча биринчи жолу Кыргыз Республиканын биринчилиги өткөрүлгөн. Ата Мекендик согуш учурунда (1942–44) Ленинграддагы П. Лесгафт атындагы Дене тарбия институтунун убактылуу Кыргызстанга көчүрүлүшү, республикада лыжа спортунун өнүгүшүнө чоң түрткү болгон. 1962-ж. Кыргызстандын лыжачылары 1-СССР элдеринин кышкы спартакиадасына катышкан. 1962-ж. лыжа тээп жарышуу боюнча бүткүл союздук мелдештерге катышып, А. Попов, К. Эсенбаева, А. Клюев СССР спортунун чебери деген наам алышкан.
Лыжа спортун 4 категорияга бөлсө болот.
Сноуборд, же монолыжада атаыйн көнүгүүлөр. Олимпиядалык эмес, аз тараган лыжа спорттун элементтери бар лыжа спорту да бар:
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лыжа спорту, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.