Леонид Брежнев

Леонид Ильич Брежнев (19-декабрь 1906, Каменское, Екатеринослав губерниясы — 10-ноябрь 1982, Москва облусу) — саясий жана мамлекеттик ишмер; КПСС БКнын биринчи (1964–66) жана генералдык (1966-жылдан) секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели (1960–64, 1977-жылдан), Советтер Союзунун маршалы (1976), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961), Советтер Союзунун Баатыры (1966, 1976, 1978, 1981).

Курскидеги жер-жайгаштыруу-мелиорация техникумун (1927), Днепродзержинск металлургия институтун (1935) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941–45) аскердик-саясий иштерди аткарган, ошондой эле Чехословакия, Польша, Венгрияны бошотууга катышкан. 1946-жылдан Украина КП(б)нын Запорожье, Днепропетровск обкомдорунун 1–секретары, 1950–52-ж. Молдавия КП(б) БКнын 1–секретары, 1953-жылдан Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун башкы саясий башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1954–56-ж. Казакстан КП БКнын 2-, 1–секретары. 1952–53-ж., 1956–60-ж., 1963–64-ж. КПСС БКнын секретары, СССР Коргоо Советинин председатели, 1957-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Ал 1964-ж. Н. С. Хрущевду бийликтен четтетүүнү уюштургандардын бири болгон. Брежнев өлкөдөгү эң жооптуу кызматты аркалап турган мезгилде экономикада, коомдун социалдык, ал тургай рухий чөйрөсүндө да терс жагдайлар өкүм сүргөн (Брежневдин доору учурда «сенек мезгил» деген ат менен белгилүү). АКШ, ГФР жана башка өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп, Эл аралык абалдын жеңилдегенине, ошондой эле Европада коопсуздук жана кызматташтыкка карата бир катар иш-чаралар иштелип чыкканына карабастан, ошол эле учурда Чехословакияга (1968), Афганстанга (1979) аскерлердин киргизилиши Эл аралык кырдаалды татаалдаштырып, карама-каршылыктарды күчөткөн. Брежнев бийлик кылган жылдары өлкөдө «өнүккөн социализм курулду» деген негизсиз билдирүү расмий жарыяланган. Мамлекеттик бийликтин саясий өзөгү катары Советтер жарыяланганы менен иш жүзүндө ал башында турган жалгыз Коммунисттик партиянын үстөмдүгү өкүм сүргөн. Адистерди тандоодо коррупцияга, паракорлукка кеңири жол берилген. Брежневди ыксыз мактоо, көшөкөрлөнүү саясатына жол берилип, ал 220дай советтик жана чет элдик орден-медалдар менен сыйланган.

Леонид Брежнев

Колдонулган адабияттар

Tags:

10-ноябрь1982Америка Кошмо ШтаттарыАскер-деңиз флотуГерманияМосква облусуНикита ХрущёвОоганстанСоветтер Союзунун баатырыСоциалисттик Эмгектин БаатырыУлуу Ата-Мекендик согушЧехословакия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жердин экологиялык маселелериКырк чороЭлектр-магнит толкундары«Замана» агымыГрек тилиЖүрөк-кан тамыр системасыСынчыСөз айкашыЧүй облусуБирдиктер системасыОшКатуу затИтСинонимОш облусуЖаз мезгилиМайларМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыТүлөбердиев ЧолпонбайМуун (лингвистика)Төрөбай КулатовМенингитКыргыздын улуттук кийимдериСаякЫсык-КөлГенотип жана фенотипЭлектр чыңалуусуПровайдерТрансформаторОктябрь революциясыТуз (химия)Билим берүүнүн мамлекеттик стандартыАтоочтук түрмөкОрозбак уулу СагымбайАбанын булганышыСтильКычкылтекКыргыз Республикасынын Кызыл китебиАйлана-чөйрөХундарИбадатБиринчи мугалимКылым карытар бир күнОрганизмТууранды сөзАк кууларТурусбеков ЖусупМахабат дастаныОрдо оюнуТаттыбүбү ТурсунбаеваБронх астмасыГепатитСоциалдык психологияНорвегияСүйүнбай ЭралиевЧолпонЭкинчи дүйнөлүк согушЖаратылышДене тарбияСырдык сөзДан өсүмдүктөрү«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»КыргызстанЛандшафтАбортОсмонкул БөлөбалаевОкутуу методуАрчаКыргыз Республикасынын экономикасыЗомбулукКусеин КарасаевКурактык өзгөчөлүкФотосинтезКыргызстандын тышкы саясатыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСоциалдык тармакМедицинаКыргызстандын туусу🡆 More