Кызыл баштар - (шииттердин 12 имамынын урматына 12 тилкелүү кызыл тебетей кийгендер дегенден чыккан сөз) — Кичи Азия менен Азербайжандагы көчмөн түрк урууларынын бирикмеси.
Кызыл баштар Сефевиддер династиясынын башкы аскер таянычы болуп, алардын шайыктарынын башчылыгы менен Грузия, Трапезунд империясына жана башка коңшу өлкөлөргө кол салышкан. Кызыл баштар Исмаил Сефевинин жетекчилиги менен 16-кылымдын башында Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, Исмаилди шах көтөрүп (1502), Сефевиддер мамлекетин негиздешкен. Кызыл баштардын ак сөөктөрү бул мамлекетти 16-кылымдын аягына чейин бийлеген. 16-кылымдын аягында шах Аббас I туруктуу армия түзгөндөн кийин Кызыл баштардын жана алардын кошуундарынын саясий мааниси аябай төмөндөгөн. 16-17-кылымдагы расмий орус документтеринде Сефевиддер мамлекетинин букараларынын баары Кызыл баштар деп аталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кызылбаштар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.