Жоогур же бенек, кунжут (Sesamum indicum L.) — кунжуттар тукумуна кирүүчү бир жылдык өсүмдүк.
Кунжут эң байыркы майлуу өсүмдүктөрдүн бири. Азияда, Африкада жана Европанын кээ бир аймактарында кездешет. Кытайда, Египетте, Индияда, Аравияда, Ява аралында жана Палестина өлкөсүндө кеңири таралган. Борбордук Азияда негизинен Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айдалат. Кунжут — бийиктиги 120—150 см, тик өскөн өсүмдүк. Тамыры 1 м тереңдикке чейин сүңгүйт, мөмөсү — сүйрү чанак. Чанагында 70—80 майда жалпак уругу бар. Уругунда 47—63% май, 19—25% белок жана 46—49% олеин, 8—9% пальметин, 4—5% стеарин, 0,4—1% арахин кислоталары болот. Кунжуттун майы кондитер азыктарын жана маргарин жасоодо пайдаланылат. Кубанец 55, Краснодарец, Ташкент 122 деген сорттору бар. Кыргызстандын түштүк аймагында өстүрүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кунжут, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.