Шри-Ланка Коломбо

Коломбо, Коламба — Шри-Ланка арал мамлекетиндеги шаар, Батыш провинциянын административдик борбору.

1983-ж. өлкөнүн борбору Шри-Джаяварденепура-Котте шаарына расмий көчүрүлгөн. Шри-Ланка аралынын түштүк-батыш жээгинде, Келани дарыясынын чатында жайгашкан. Инди океанындагы маанилүү деңиз жолдорунун кесилишиндеги порт (дүйнөдөгү эң чоң жасалма гавань, аянты 2,25 млн м2). Өкмөт жана президент жайы. Калкы 678 миң (2008, шаар айланасы менен Чоң Коломбо шаар агломерациясын түзөт; калкы 2,5 млн). Шаарды көптөгөн каналдар түйүнү кесип өтүп, Коломбону Бейра көлү (шаардын борборунда жайгашкан) менен туташтырат. Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Коломбонун түндүк жана түндүк-чыгыш административдик чек арасы Келани д. аркылуу өтөт.

Шри-Ланка Коломбо
Коломбо.

8-кылымдан араб көпөстөрүнүн Каланпу деген аталыштагы кыштагы, 14-кылымдан Колонтота деген ат менен маанилүү соода борбору катары белгилүү. Ушул эле жерде 1517-ж. португалдар Коломбо фортун негиздешип, 1593-ж. X. Колумбдун урматына аташкан. Коломбо 1802-жылдан Цейлон мамлекетинин, 1948-жылдан Цейлон доминионунун, 1972-жылдан Шри-Ланка Республикасынын борбору. Шаарда өлкөнүн финансы банк, камсыздандыруу ишканаларынын штабквартиралары жана Чоң Коломбодо Шри-Ланкадагы 6 эркин экономикалык зонанын бешөө жайгашкан. Тамак-аш (корица жана башкалар татымалдар), жеңил (булгаары буюм, кездеме жана башкалар), химиялык (пластмасса, жер семирткич жана башкалар), кеме куруу жана ремонттоо, бут-кийим, металлургия, машина куруу (станок жана анын жабдуулары), айнек өнөр жайы ишканалары, шина заводу иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук ИА, университеттер (анын ичинде Видьяланкара будда), мамлекеттик илимий-изилдөө департаменти жана институттары (анын ичинде Улуттук кеңеш, өнөр жайы жана башкалар), медициналык институт, коллеждер (музыка, бий жана башкалар), Улуттук музей (анын астында китепкана ачылган; анда тарыхый баалуу китеп, журналдар жана кол жазмалар сакталган), улуттук архив, обсерватория (1907), китепканалар, сүрөт галлереясы, театрлар жана башкалар бар. Фестивалдар (цирк артисттеринин Кэнди Эсала Перахера, августта; буддага арналган Дуруту Перахера, январда), чай аукциону (дүйнөдөгү эң ири) өткөрүлүп турат. Коломбодон түштүктө зоопарк уюштурулган. Аралдын тропиктик кооз табиятына байланыштуу туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Ынды океаны

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АтомКусеин КарасаевТатаал сөздөрИлептүү сүйлөмСырдык сөзКыргыз адабиятыКыргыз оюм чийимдериХайду мамлекетиПублицистикаОкутуу методуИнсультҮй-бүлөлүк зордук-зомбулукКубанычбек МаликовИнтервьюЭсептөө системасыМанастын күмбөзүТамсилАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичНорвегияКыргыз балдар адабиятыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыКомпьютердик тармакРепортажКыргыз алфавитиАрызАба (атмосфера)СтрессБишкекДан өсүмдүктөрүСөөк системасыЖакыпАлгачкы коомАң-сезимКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиКелмеТүшүндүрмө мүчөБарпы АлыкуловКыргыздардын улуттук кийимиКыргыз аттарыУсун мамлекетиДезинфекцияАтоочтук сөз айкаштарыАлмамбетӨпкөнүн сезгенишиЖашоо чөйрөЭхинококкозВолейболКыргыз мөңгүлөрүЭкологияАрчаҮнсүз тыбыштарАбиотикалык факторлорБийликтин бөлүнүү теориясыКөөнөргөн сөздөрМакалаФранцияМультимедиаӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАалы ТокомбаевАт атоочКыргызстанИлимАбай КунанбаевАялдардын эл аралык майрамыТишЖылкыФутболАмир ТемирҮй-бүлөИрландияКыргыздын улуттук кийимдериАйлардын кыргызча аталышыГигиенаТамак сиңирүүКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖер астындагы сууларОкутуу технологиясыСүмөлөкКыргызстандын шаарлары🡆 More