Калифорний (лат.
Californium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 98, ат. м. 251. К. массалык сандары 240Cf – 256Cf болгон 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. К. 1950-ж. амер. илимпоздор Г.Сиборг, С.Томпсон жана А.Гиорсо тарабынан кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алынган да, аны америка штатынын атынан аташкан. К. – ак металл; балкып эрүү темп-расы 9860С; бирикмелеринде +2,+3, +4, +5 жана +6 окистенүү даражаларын көрсөтөт. К. оксиди Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl, жана К. нитраты, сульфаты, галогениди сууда эрийт. К. ат. реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда, о. эле нейтрондук активизациялык анализдөө иштеринде колдонлат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Калифорний, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.