Зеландия, Шелланн - (герман тилдеринде See «деңиз», Land аймак, өлкө, тарап) Балтика деңизиндеги эң ири арал.
Даниянын аймагында. Аянты 7 миң км2ден ашык. Рельефи дөбө-мореналуу түздүк (бийиктиги 126 мге чейин); көлү көп. Бук жана эмен токою өсөт. Аймагынын көбү айдоо (тоют чөп, буудай, кант кызылча, картөшкө өстүрүлөт); сүт багытындагы уй чарбасы бар. 3еландиянын чыгыш жээгинде жана ага жакын жаткан Амагер аймагында Даниянын борбору Копенгаген шаары жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Зеландия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.