Деңиз деңгээли – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деңгээлин билгизген (нөл горизонту катары эсептелген) шарттуу белги.
Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деңиздин толкушу, ташкындашы, деңиздин үстүнкү бетинин жылышы жана муздашы, атмосфералык басымдын туруксуздугу, жаан-чачын менен буулануу ар кандай күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ирмемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо айлык, орточо жылдык жана орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында деңиз деңгээликатары Балтика деңизинин (Финн булуңу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деңгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эң бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеңиш чокусу), эң жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Деңиз деңгээли, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.