1536-ж. анын «Христиан дининдеги нускоо» деген дин окуусунун жаңы системалуу баяндамасы (адегенде латын, кийин француз тилинде) чыккан.
Кальвин 1541-ж. Женевага келип, өмүрүнун акырына чейин жашаган да, протестантизмдин жаңы багытын-кальвинизмди ишке ашырган.
Кальвиндин таасири менен женевалык магистрат чиркөө уюмунун жаңы формасын кабыл алган.
Кальвин католицизмге, о. эле элдик реформациячыл агымдарга каршы турган, аларды жактоочуларды кудайсыздар деп күнөөлөгөн. Анын окуусуна каршы чыккандар куугунтукталган, өлүм (өрттөө) ж. б. жазага тартылган.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жан Кальвин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses. ®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.