Дүйшөмбү (таж.
Дүйшөмбү өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары жайгашкан, анын ичинде Президенттик сарайдагы Тажикстан Республикасынын Президентинин резиденциясы.
Дүйшөмбү | |
таж. Душанбе | |
Өлкө | |
---|---|
Ички бөлүнүшү | 4 район |
Шаардын төрагасы | Рустам Эмомали |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү | XVII кылым |
Биринчи белгиленген | 1676 |
Мурунку аталышы | Сталинабат |
Аянты | 126,6 |
Бийиктиктиги | 706 |
Калкы | |
Калкынын саны | ▲793 000 (2015) |
Жыштыгы | 6253 адам/км2 |
Агломерациясы | 1 473 400 (2015) |
Улуттук курамы | |
Диний курамы | мусулмандар, христиандар |
Этнохроним | Душанбеликтер, Душанбелик |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +5 |
Телефон коду | +992, (37) |
Почта индекси | 734000 |
Автоунаа коду | 01TJ, 05TJ |
dushanbe.tj |
Калкынын саны 2016-жылдын 1-январына карат 802,7 миң адамды түздү, жалпы Дүйшөмбү алгомерациясынын саны — 1485,1 миң адам.
2017-жылдын 12-январынан баштап шаар башчысы — Рустами Эмомали.
Душанбе шаары Ысар өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 750—930 метр бийиктикте жайгашкан. Аймагы — 127 км². Шаар аркылуу түндүктөн түштүккө карай Варзоб (Душанбе-дарыя) суусу агып өтөт. Ал дарыя шаардын борборундагы "Комсомол" көлүнө суу берет. Чыгыштан батышка карай Кафирниган дарыясы агып өтөт. Шаардан түндүккө карай Варзоб капчыгайы жагашкан — ал жерде көптөгөн эс алуу жайлары жайгашкан.
Душанбе шаарынын сейсмикалуулугу бир топ жогору. XX кылымдын 30-40-жылдарынын куруу нормалары боюнча 7-8 балл деңгээлиде бааланган. Жер титирөөлөрдү Душанбе сесмологиялык станциясы байкоо жүргүзүп турат.
Душанбеде жай мезгили узак жана ысык, жаан-чачын чанда болот. Кыш мезгили салыштырмалуу кыска. Кышкысын абанын нымдуулугу көтөрүлгөндүктөн, кыш абдан көп жаан-чачын менен коштолот. Жаз мезгили салыштырмалуу узак, тез-тез чагылгандуу жаан жаап турат. Эрте күз кургак, бирок кийин күз жамгырдуу жана нымдуу болот. Кургак (июнь-октябрь) жана нымдуу (декабрь-май) деп эки мезгилге бөлүнөт. Январь айынын орто температурасы — 1 °С, июлдуку — 28 °С.
Душанбе шаарынын расмий кабыл алынган символу — Герб. Гербдин авторлору С. Курбанов жана А. Н. Заневский.
Душанбе — Тажикстандагы райондорго бөлүнгөн жалгыз шаар. Ошондуктан, шаардык элдик депутаттар Кеңеши жана аткаруучу бийлиги (Хукумат) областтык статуска ээ. Райондордо аткаруучу бийликтин өкүлдөрү болуп район башчылары эсептелет.
2013-жылдын 18-июлунда шаар аймагын үч эсе кеңейтүү пландары жарыяланган.
Душанбе шаары төрт районго бөлүнөт, ар бир райондун өз администрациясы бар (райондук хукумат).
Райондун аталышы | Мурунку аталышы | Аймагы, км² | Калктын саны, адам (2016) | Район башчысы |
---|---|---|---|---|
1. Исмоили Сомони району | Октябрь району | 25,8 | 141 500 | Курбонов Аламхон Джамилович |
2. Сино району | Фрунзе району | 43,8 | 307 300 | Сафаров Зафар Абдуллоевич |
3. Фирдавси району | Борбордук район | 29,1 | 198 300 | Алиев Саиднуриддин Акрамович |
4. Шохмансур району | Темир-жол району | 27,9 | 155 100 | Бобоев Самандар Бобоевич |
Тажикстан Республикасынын Президенти алдындагы Статистика агенттигинин 2016-жылдын 1-январына карата маалыматы боюнча, Душанбенин туруктуу калкынын саны 802 700 адамды түзгөн. Калкынын жыштыгы — 6366 адам/км². Душанбеде республиканын калкынын 9% жашайт.
Борбор шаарынын өнөр-жай комплекси 230 өнөр-жай ишканаларын камтыйт. Бул ишканаларда 19 миң шаар тургундары иштейт. Ишканаларда 300дөн ашык продукциянын атылышы өндүрөлөт. Душанбеде өндүрүлгөн, экспортко чыга турган негизги продукция — бул пахтадан жасалган жиптер жана кездемелер, чулки-байпак продукциясы, кабелдик буюмдар, арматура, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчү буюмдар, соода жабдыктары жана башкалар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Душанбе, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.