Тажик тили (таж.
Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили. Иран тилдеринин түштүк-батыш тобуна кирет.
Расмий аталышы: | Форсии Тоҷикӣ (Forsii Tojikī) |
---|---|
Айтылышы: | |
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: | 3 мамлекет |
Колдонгондордун жалпы саны: | 8 млн (2020) Экинчи тил катары 10 млн (2020) Баардыгы 10-12 млн |
Классификациясы | |
| |
Жазылышы: | |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: | tg |
ISO 639-2: | tgk |
ISO 639-3: | tgk |
Тажикстан, Өзбекстандын көп жерлерине, Казакстан жана Кыргызстандын айрым райондоруна, ошондой эле Афганстандын түндүгүнө тараган. Диалектилик бир нече топко бөлүнөт: түндүк, борбордук же жогорку Зарафшан, түштүк, түштүк-чыгыш же дарваз. 6 үндүү, 24 үнсүз фонемасы бар. Тажик тили – флексия-аналит. түзүлүштөгү тил. Атоочтор байыркы сөз өзгөртүү системасын жоготкон жана изафет жолу менен байланышат. Род жана жөндөмө категориясы жок. Сөздөрү синтаксистик жол менен жөндөлөт. Сөздүк катмары араб, өзбек жана орус тилинен кирген сөздөрдү да камтыйт. Алгачкы жазма эстеликтери 9-кылымга таандык. 1930-жылдан араб, латын жазуусун пайдаланып, 1940-жылдан орус графикасына өткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тажик тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.