Кириллица, Кирилл алфавити — байыркы славян эки алиппесинин бири (глаголица менен бирге).
9-кылымдын аягы, ошондой эле 10-кылымдын башында пайда болгон.
Кириллица деген ат славян алиппесин алгач түзгөн агартуучу Кириллдин ысмынан коюлган. Байыркы кириллицада грек жазмасынан алынган 24 тамга болгон. Кийин ага славян тилдеринин грек тилинде жок тыбыштарын туюнтуу үчүн 13 тамга кошулган. Кириллицанын келип чыгышы жөнүндө так маалымат жок. 11—12-кылымдарга чейин кириллица менен глаголица бирдей колдонулуп, бара-бара глаголица колдонулбай калган.
Бул алфавитти түзүү болгар ага-ини Кирилл менен Мефодийдин диний-саясий-агартуучулук ишмердигине байланыштуу болгон. Алар грек алфавитинин негизинде алиппе түзүшүп, дин китептерин славян тилине которушкан. Адегенде кириллица түштүк (болгар, серб, македон) жана чыгыш славяндарга (орус, беларусь, украин) тараган. Россияда 1708-жылы бул алфавит реформаланып, орус алфавитинин негизин түзгөн. 1941-жылы кыргыз алфавити кириллицанын негизинде түзүлүп, ага үч тамга (ө, ү, ң) кошулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кириллица, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.