Гибралтар кысыгы – Европа (Пиреней жарым аралынын Түштүк чети) менен Африканы (түндүк-батыш бөлүгү) бөлүп турат.
Атлантика океаны менен Жер Ортолук деңизди туташтырат. Узундугу 59 км. Туурасы 14–44 км. Эң тайыз жери фарватерде (Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын суу алмашуусу чектелген жерде) 338 м, эң терең жери 1181 м. Кысыктын эки жээгинде тоо массивдери жайгашкан; анын түндүгүндөгүсү Гибралтар аскасы, түштүгүндөгүсү Жабал-Муса деп аталат; алар байыркы заманда Геркулес мамылары аталган. Кысык аркылуу агып өткөн деңиз агымдарынын үстүнкүсү чыгышты, тереңдиктегиси батышты карай агат. Кысыктын экономикалык, жана стратегиялык мааниси зор; ал англиялык Гибралтар чебинин көзөмөлүндө турат. Түндүк жээгинде Гибралтар (британиялык) жана Альхесирас (испаниялык), түштүгүндө Танжер (Марокко) порттору жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гибралтар кысыгы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.