Геноцид - (гр.
caedо өлтүрөм) улуттук, этностук, расалык же башка диний топтордун мүчөлөрүн толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган кылмыштык аракеттер. Бул аракеттер өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, тукумкурут кылуу максатында тукум улоосуна зомбулук менен тоскоолдук кылуу (биологиялык геноцид), балдарды ата-энесинен зордоп ажыратуу, жердеген жеринен күчкө салып көчүрүү, атайылап адам чыдагыс оор шарттарды түзүү жана башка жолдор менен жасалышы мүмкүн. Апартеиддин кээ бир актылары геноцид болуп эсептелет. Геноцид эл-аралык кылмыш катары таанылган. КРдин жазык мыйзамдарында тынччылыкка, коопсуздукка, адамзатка каршы жасалган кылмыш катары каралат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Геноцид, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.