Вики ...
Сайтты сүрөттөөдө, эң биринчи жолу «уики» термини 1995-жылы, "Портленддик үлгүлөр сактоочусунун" негизи болуп 1995-жылдын 25 мартта түзүлгөн WikiWikiWeb аттуу эң биринчи уики-системинин түзүүчүсү Уорд Каннингем тарабынан колдонулган. Бул сөз гавай тилинен алынган, «тез» дегенди түшүндүрөт. Каннингем биринчи башында "иштеши мүмкүн болгон эң жөнөкөй он-лайн берилимдер базасы" деп сүрөттөгөн. Кийинчерээк, бул сөзгө тийиштүү кийинки англис бэкронимин ойлоп табышкан: What I Know Is….
Уорд Каннингем жана анын Бо Леуф аттуу авторлошу, биргелешип жазган The Wiki Way: Quick Collaboration on the Web деген китебинде Вики концепциясын кийинкидей сүрөттөшкөн:
Викинин кийинкидей касиеттери бар:
Вики-чөйрө түзүү үчүн атайын ПӨ керек болот — вики-кыймылдаткыч. Бул сайтты башкаруу тутумунун өзгөчө түрү — түзүлүшү жана фунционалдуулугу жагынан абдан жөнөкөй, анткени аны түзүлүштүрүүнү жана анын мазмунун иштетип чыгууну колдонуучу "кол түрүндө" аткарат. Википедия жана Викимедиа фондунун башка долбоорлору MediaWiki кыймылдаткычында куралган.
Вики тилиндеги вики-беттерди байланыштыруучу шилтемелери HTML дегиге караганда көрсөтмөлүүрөөк жана коопсуздуураак, анткени JavaScript жана Катарланган Стилдер Жадыбалы чектелген түрдө колдонулат.
Кээ бир викилерди ар бир каалоочу, катталбаган колдонуучу болсо деле, өзгөртө алат. Бейбаштар ар кандай үйлөрдүн дубалдарын, дарбазаларын граффитилеп кеткен сыяктуу, уики-макалаларын да атайылап бузуп, орунсуз маалымат жазган учурлар да болот. Бирок, бактыга жараша, үйлөрдүн дубалдарынан, дарбазаларынан айрымаланып, Википедияда макаланын мурунку нускасын кайтарып алса болот: бузгандан оңдогон оңой. Болбой эле баратса, бир нече жолу бейбаштык кылган колдонуучуга макалаларды өзгөртүүгө тыйуу салып койсо болот: IP-дарегин же колдонуучу атын кара тизмеге киргизип койсо болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вики, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.