Бүйлөнүн сезгениши (гингивит) тишке таш чогулганда, пломба, жасалма тиш туура эмес салынганда, тишти өтө катуу щётка менен тазалаганда болот.
Бүйлөнүн сезгениши пародонтоздо, тиштердин туура эмес жабылышында, ошондой эле цинга оорусунда (к. Витамин жетишсиздиги) байкалат. Ал 2—3 тиштин ортосунда же бүт бүйлөгө тарайт. Адегенде бүйлө шишип, ооруйт, канайт, кээде кычышкансыйт. Организмдин коргонуу функциясы начарлаганда, өтө катуу ооруганда бүйлөнүн сегениши көпкө созулуп, оор өтөт: бүйлөдө жара пайда болот, кичине тийсе эле канайт, ооздон жаман жыт чыгат. Бүйлөнүн сезгенишинин бул формасы демейде тамакта С витамини жетишсиз болгондо болот. Бул учурда тиш бошойт. Кээде бүйлө урчуктары чоңоюп тишти жаап калат, бирок оорубайт.
Бүйлөнүн сегенишинин оорусун басаңдатуу үчүн оозду суутек өтө кычкылынын (жарым стакан сууга 1 чай кашык), фурацилин эритмеси (1 стакан сууга 1 таблетка), марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмеси менен чайкоо зарыл. Дарылоодо догдур-стамотологдун кеңешин угуп. көрсөтмөлөрүн так аткаруу керек. Алдын алуу жөнүндө, к. Стоматит
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бүйлөнүн сезгениши, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.