Бром

Бром (латынча Bromum), Br – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунан орун алган элемент.

Атомдук номери 35, атому 79,904, галогендерге кирет. 1826-ж. франциялык химик А. Ж. Балар ачкан. Жаратылышта 2 туруктуу изотоптон 79Br, 81Br турат. Жер кыртышында 1,6 10–4%ти түзөт. Ал кызыл-күрөң түстөгү, жагымсыз жыты бар, оор суюктук. Кайноо t 58,78°C, балкып эрүү t 7° С. Бромдуу туздар (KBr, NaBr, MgBr2) түрүндө көл, деңиз, нефть сууларында жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет. Спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы, сууда аз эрийт. Бромдун 3%түү эритмеси бромдуу суу деп аталат. Химиялык активдүүлүгү боюнча хлор менен иоддун ортосунда турат. Иодду бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Ал эми бромду анын бирикмелеринен хлор сүрүп чыгат. Бирикмелеринде валенттүүлүгү –1ден+7ге чейин. Көпчүлүк элементтер менен реакцияга активдүү кирет. Көмүртек, азот, кычкылтек менен түздөн-түз кошулбайт, ошондуктан алардын бирикмелери кыйыр жолдор менен алынат. Суутек менен ысытканда гана реакцияга кирип, бромдуу суутекти пайда кылат. Анын суудагы эритмеси бромдуу суутек кислотасы. Бул кислотанын туздары бромиддер деп аталат. Бром кислотасынын туздары броматтар, түссүз кристаллдар, жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Бром кислотасы жана анын туздары күчтүү окистендиргич касиетке ээ болуп, эркин бромго чейин калыбына келет. Деңиз сууларынан, суу өсүмдүктөрүнөн, ошондой эле калийдин бромдуу бирикмелеринен химиялык жол менен алынат. Бром органикалык синтезде, анализдик химияда жана окистендиргич катары колдонулат.

Бром
Бром.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Элементтер мезгилдик системасы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сары-ЧелекЩелочтуу металлдарЖер тобундагы планеталарБиоценозТоо арасында (роман)Үй-бүлөДомен аталыштар системасыСатурнТоголок Молдонун чыгармаларыКараханийлер кагандыгыАкчаКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүЭс алууТуз (химия)Таштандыларды жок кылууБишкекКылмышБаткен облусуҮркүнАстрономияБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарЭки миң сомКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиАмерикаКөк жөтөлТыбышКант диабетиЖыйырма сегиз панфиловчуларДен соолукКомпьютердик графика –КалендарьЛирика«Манасты» которууКожомбердиев ТурарАлфавитЭмгекКыргызстандын мамлекеттик тилиМенингитСиреньАрызМанас эпосуКайра жаралууСинонимМуун (лингвистика)ИнфляцияКытай кыргыздарыКан тамырларМексикаКыргыз ССРинин КонституциясыКомуз күүсүФутболСууКубанычбек МаликовКорукЖамийла (повесть)Гапаров МурзаМамлекеттердин тизмесиШвейцарияАлгачкы коом«Кыргыз» этнонимиАба (атмосфера)Ош облусуАсан КайгыЭлектрондук почтаЫсык-Көл мамлекеттик коругуКыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайыБиоценоздогу организмдер байланышыӨзгөргүчтүкЛексикографияСыдык уулу ОсмонаалыКаада-салтОрхон-Энесай Жазууларынын ЭстеликтериСаруу (уруу)Электр зарядыБиотехнологияЖер атмосферасыКыргызстан«Көкөтөйдүн ашы»Фразеологизмдер🡆 More