Ашкөк (лат.
Биринчи жылы жалбырак розеткасы жана тамыры пайда болсо, экинчи жылы гүлдөп урук берет. Мекени Жер Ортолук деңиз жээги. Тамыры ичке, сабагы тик өсөт, бийиктиги 30-150 см. Жалбырагы канат сымал, гүлү сары, топгүлү чатырча. Ашкөктүн 4 түрү бар, анын экөө жалбырактуу жана тамырлуу. Тамак-ашка ашкөктүн тамыры, жалбырагы колдонулат. Жалбырактуусу сортуна жараша жалбырагы буралган тармал же жөнөкөй болот. Ашкөктүн курамында эфир майлары, витаминдер, өзгөчө С витамини көп, тамырында К, Са, Fe, P туздары бар. Ошондуктан жүрөк, бөйрөк ооруларында сууну азайтуу максатында, боор оорусунда, организмдин иммунитетин жогорулатууда колдонулат. Ашкөк бардык зоналарда, айрыкча күнөстүү, топурагы жумшак, күрдүү жерлерде өсөт. Бир гектар жерге тамырлуусунун 2 кг, жалбырактуусунун 8 кг үрөнү себилет. Убагында сугарып, отоо чөптөн арылтып, жумшартуу жана кошумча азык берүү зарыл.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ашкөк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.