Ахваз ― Ирандын түштүк-батышындагы шаар.
Хузестан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Карун дарыясынын боюнда, Месопотамия ойдуңунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 855 миң (2005). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224-241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-жыл чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-жылы араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-кылымда Насерия, 20-кылымдан азыркыдай аталат. 1980-88-жылдары Иран - Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран университети (1955-жылдан), медициналык университет (1988), техникалык ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, химиялык, металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. Ахваз - нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири Ахваз мунай кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга мунай кууру өтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ахваз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.