Актөбө шаары - Казакстан Республикасынын түндүк батышындагы шаар.
Актөбө облусунун административдик борбору. Илек дарыясынын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 500 миң (2020). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорту, Феррокуйма, хром бирикмелери, айыл чарба машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. заводдору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеңил, тамак-аш өнөржайы, 9 Ж0Ж (а. и. авиация окуу жайы), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы биринчи планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Сов. Союз. Баатыры, көзгө атар мерген А. Молдокулова туулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Актөбө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.