Аары чарбасы - чарба тармагы.
Багыты: бал, аары мому, прополис, уусун, аары сүтүн алуу, өсүмдүктү чаңдаштыруу, эне аары, аары уюгун көбөйтүү.
Кыргызстанда бал аарысынын жардамы менен эгилме жана жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен, эспарцет, беде, акация, тал, кара жыгач, өрүк, кара өрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин ж.б) бал ширеси чогултулат.
Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30-50 кг бал, 1 кг мом жана жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20-25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү менен Ош областында жазда бал челектер бак ичине жайгаштырылып, кийин эспарцет жана пахта талааларына жа-кын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 бал челек бар (2005-ж.).
Ош, Талас жана Ысык-Көл областтарында да бал аары чарбасы жакшы өнүккөн. Кыргызстан боюнча 73 миң бал челектен орто эсеп менен 40 кг бал алынса бир жылкы көлөмү 2920 т барабар болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аары чарбасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.