Ньяса, Малави – Түштүк Африкадагы (Мозамбик, Танзания, Малавиде) ири көл.
Чыгыш Африка тайпак тоосунун түштүк-батышындагы тектоникалык ойдуңда, 472 м бийиктикте жайгашкан. Жер шарындагы тузсуз көлдөрдүн ичинен тереңдиги боюнча 3 (Байкал жана Танганьикадан кийин), чоңдугу боюнча 9-орунда. Түндүктөн түштүккө 580 кмге созулуп, туурасы 80 кмге чейин. Тереңдиги 726 мге чейин. Аянты 30,8 миң км2. Түндүгү, түндүк-чыгыш жээктери чукул, бийик, аскалуу, түштүгү жапыз. Таманынын калыңдыгы айрым жерлеринде 4 кмге жеткен чөкмө тектер менен капталган. Ага 14 суу куят, ириси – Рухуху дарыясы. Көлдөн Шире дарыясы (Замбезинин куймасы) агып чыгат. Фаунага бай. Балыктын 200дөн ашык түрү (анын ичинен 80%и эндемиктер) кездешет. Ошондой эле крокодил, бегемоттор бар. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Ньясанын батыш жээги туризм үчүн ыңгайлуу. Негизги пристандары: Нхотакота, Каронга, Бандаве (Малави), Мвая, МбамбаБей (Танзания), Ковбе, Метангула (Мозамбик).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ньяса, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.