Марлен Дитрих (чыныгы аты-жөнү Мария Магдалена фон Лош) 27.12.
1901, Берлин – 6.5. 1992, Париж – немец жана америкалык актриса. Берлиндеги музыкалык академияны жана М. Рейнхардттын драмa искусство мектебин бүтүргөн. 1922-жылдан театрда. Алгач киного 1923-ж. тартылган («Жолдогу эркек»). Режиссер Ж. Штернбергдин «Көгүлтүр периште» фильминде ырчы Лола-Лоланын ролун аткарып, ийгиликке жетишкен. 1930-ж. режиссёру менен бирге Голливудга чакырылып, «Марокко», «Шанхай экспресси», «Аксаргыл Венера», «Кызыл императрица», «Шайтан – ал аял» фильмдерине тартылган. Актриса ар кыл мүнөздөгү каарман тандаганга аракеттенген, күлкүлүү да, кайгылуу да ролдорду мыкты аткарган («Каалоо», «Периште», «Дестри кайрадан ээрде» жана башка). Эстрада ырчысы катары да көп өлкөлөргө таанылган. «Нюрнберг процессиндеги» (1961) жесир аялдын образы жана «Кара түлкү» даректүү фильминде аткарган ролу аркылуу фашизмге каршы пикирин бекемдеген. 1978-ж. «Эң сонун күспуруш – бактысыз күспуруш» аттуу Батыш Германия фильмине тартылган.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Марлен Дитрих, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.