Кыргыздар Сибирь Тарыхында

Кыргыздар ижраттан (мусулман эрасынан 3400-жыл) мурун чыккан Огузхандын небересинен таралганына караганда алар эң эски улут экендигинде шек жок.

Кыргыздар Кытай тарыхынын көрсөтүүнө караганда алар эң эски, байыркы улуттан. Эски түрктөр пайгамбарларын «кам» деген. Азыркы кыргыздар пайдалуу кишини камкор дейт.

Гунь менен кыргыздын согушу Нань-Шань тоосу менен Булунгур деген суунун эки арасында болуп, Гунляр кыргыздын падышасын өлтүрүп койгондо, кыргызды бийлеп келе жаткан династиясы Усун Орто Азияга ооп келип, Ысык-Көлдүн күн жүрүш башына жакын жерге, азыркы Жуукусуна «Чыгуу» детен калаа салган. Чыгуу Кызыл-Сууда болгон деп Бартольд айтат. Менин пикиримче «Чыгуу» Жууку болсо керек. Арабча «ч» тамгасы жок себептен «ч» ордуна «ж» жазып, «Чыгууну» «жууку» деп бузуп жазган. Чыгуу деген сөз кытайча «жашыл талаа», «жашыл өзөн», «жаки металл» деген сөз. Жана жылуу суу деген сөз. Усунду эски кытай Хаусун деп дагы жазган. Усундун турган жери: Иле, Ысык-Көл, Ат-башы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Чүй болгон. Бул айтылган жерлерди кытайлар тегиз жана чөптүү, жаандуу, суук болуп, тоолору бүткүлү менен чер токой деген. Усундун 120 миң үйү, 630 миң жаны жана 188 миң аскери болгон. Талуу, даруу деген баштыктары болуп, байлары 45 миң жылкы күткөн. Каны турган Чыгуу шаары Аксуунун күн батыш жагында болуп, андан 610 ли алыстыгында Ысык-Көлдүн жээгинде болгон Фергананын борбор шаарынан түн жак күн чыгышында 2000 ли алыстыкта болгон. Күн батыш Гангуй элинин чегине 5000 ли болгон. Биздин эранын VII кылымында болгон кытай маршрутунда беделден чыгуу 50 ли деген. Усундун канын өлтүргөндө анын жаш баласын Гунь падышасы багып алып, кийин баатыр болгондон соң, өзүнүн элине берип кан көтөрүп койгон. Биздин эрадан 105-жыл мурун чамасында кытай падышасынан Чжан-Тисан (Чисан-Цян) деген киши усундарга элчи болуп келип, эки эл бирлешип Гунь менен урушалы деген. Усундар кабыл албастан хан Гунму элине жакшы изат кылбаган. Чжа Цянды узаткан кишиден Кытайдын кубатын, дөөлөтүн уккандан соң усундар Кытайга оой баштаган. Усундан жолу болбогон соң Кытай падышасынын Ферганага, андан аркы мамлекеттерге тартуу менен элчилерин жиберген. Муну усун ханы Гунму угуп, сый-сыпатка кызыгып жана гуньдун күндөн-күнгө алсырап бара жатканын байкап, Кытайга элчи жиберген жана кытай падышасынын кызын сураткан. Кытай падышасы макул алып, кулдук урганга миң ат сураткан. Кытай падышасы Гунмунун сураганын биздин эрадан 103-жыл мурун бүт берген. Гунмунун байбиче катыны гуньдун падышасы Чан-Юйдун кызы болгон. Кытай падышасынын кызы токол болуп, байбичеден кордук көргөндө элин сагынып ырдаган:

Жер үстүндө мендей шордуу жана барбы,

Мени тоголок үйдө турган усун деген жабайы элдин

Карыган падышасына берди, жегени эт, ичкени

Кымыз, мындан башка да немеси жок.

Усун падышасы Лусавми өлгөндөн соң Санцизу деген небереси Гунме болду. Усундун расими боюнча Кытай падышасынын кызы өгөй небереси Сен Цизуга тийген. Сен Цизунун бул катындан башка эки катыны бар экен. Бири Гунь падышасы Чан-Юйдун кызы, бири экинчи Кытай падышасынын кызы болгон. Сен Цизудан соң Лусавминин Унгуйме деген экинчи небереси Гунме болуп, акылдуу жаангер болгон.

Биздин эрадан 70-жыл мурун Кытай аскерине кошулуп, Унгуйме Гулярдын бир бөлүгүн чаап, 40 миңжан, 70 миң мал алган. Мындан 10-жылдан соң Унгуйме өлүп, ордуна Сен Цизунун Гуван Ван деген баласы падыша болгон. Ошондон баштап усундун касиети кача баштаган. Бул Гуван Ванга Унгуймений, баласы. Гунь падышасынын жээни Утусуту деген каршы чыгып уруш баштаган. Ал Гуван Ванды өлтүрүп койгондо эле каршы болуп Гунменин иниси, Кытай падышасынын жээни, Юван Гүй хан көтөргөн. Мындан соң согушсуз усунду эки бөлүп, Лотусуту 60 миң алган, Юван Гуйма 40 миң үй алган. Эли эки бөлүнгөн соң кубаты кетип, баркынан ажырап, усун төмөндөй баштаган. Биздин эрадан 8-жыл муруң Чичи Чижи деген Гуньдун Чан Юй Канды менен биргелешип, усунду чаап алып, Чыгууну бузган. Кытай менен усун бир бет, Гунь менен Канлы бир бет болуп, нече жыл согушуп, биздин эранын 93-жылында Гунь жеңилип эки бөлүнүп, Чичи Чижи бул согушта өлүп кетип, Гунадун көбү Канлыга барып кошулган. 98-жылы Кытай аскери баштыгы Банчаур Гуньду кубалап барып Каспий деңизинен кайткан. Гунь кеткен соң анын орун басары тунгус насилинен Санби деген эл кытай жана башка элди каратып, 200-жылча бийлеп турган. Биздин эранын 300-жылдарынын башында Юпайжи (Жужан) Ак Гүлляр (персия Афталит дейт) көтөрүлүп, Санбини жок кылган. Жумандар 500-жылга жете бийлеп туруп, соңунда угуз түрктөрүнөн жеңилип, качып Эдил жайыктан нары өтүп кеткен. Кийин Обур аталып, орусту чаба берген. «Арвар» аталык Византияны чаба берген. Ушул Жужан (Ючежделер).

Лусавми өлгөндөн соң, кытай падышасынын кызы небересине тийбейм дегенден соң төркүнү кытайлар: тийиңиз, — деп өтүнгөндөн соң тийген.

Усундар дыйканчылык, багбанчылык менен жан сактабастан, мал менен жан сактаган. Чөп, суу издеп көчүп-конуп жүргөн. Тиричилиги гуньга окшош болгон. Өздөрү күчтүү-кайраттуу, баатыр жана кан ичер болгон. Гуньдай баатыр журт болгон. Усундар түрккө окшобогон сары сакал, көзү көк болгон. Усундардын мындай өңү сары, көзү көк болмогу эң байыркы заманда Алтай менен Оролдун арасында ари наслинен динлин деген өңү сары, көзү көк эл турган; усундар ушул динлин менен аралашып, түрк түсүнөн бурулду; кийин түрккө аралашып, түрктөшкөн. Өңү сары болгон үчүн бир далай тарыхчылар усунду түрк эмес, Ри наслинен дешет. Бир далай тарыхчылар: көбүнчө Аристов усунду түрк деген. Кээ бир тарыхта Алтай менен Тянь Шандын арасында, биздин эрадан 300-жыл мурун усун деген эл көчүп жүргөн дейт. Брокгауз жана Гранаттын энциклопедиясында эң эски элден саналган скифтердин бир уругу «исин» болгон. Балким «исин» — усун болор.

Демек, биздин эрадан 210-жыл мурун Гунлярдин зор согушунда кыргыз эки бөлүнүп, бири эски жери Енесейде калып, биздин эрадан 500 жылдан соң булардан дайын жок болуп кетет; кээде кыргыз калып килкис болуп жазылат. Тарыхты кытайлар жазган аларда «р» тамгасы жоктуктан, «р» ордуна «л» тамгасын жазган. Ушул себептен кыргыз — килкис болуп жазылган.

Жогоруда дагы, айтылды: жеринен оогон кыргыздар Алтай менен Тянь Шань тоолорунун эки арасын токтоп калганы кыргыз аталып, жеринен оодарылбаганы усун аталды. Булар башка түрк балдарын биз жерге жыйып. усун бирлиги «усунский союз» аталып турган. Кийин биздин эрадан 1000-жылдарында Ысык-Көлгө көп кыргыздар ооп келген. Гранат энциклопедиясынын № 24дө мындай деп жазган: «Эң эски заманда, биздин эрадан 202-жыл мурун (Гян Гунь) мамлекети «хагаз» аталган», — дейт.

Аристов мындай дейт: «Түрктүн бир уругу каң менен усун болуп, усундар биздин эрадан үч кылы мурун Жети Суудан «Сакты» (Скифти) сүргөн. Ал замандагы кыргыздын эл бийлеген уругу усун аталган. Анын тукуму биздин эранын V кылымында дагы эл бийлеп турган». Усундар беш аймакка бөлүнүп, анын эки аймагы асги жана гушу аталган. Азыр да кыргыз ичинде «асык», «күчүк» деген эл бар.

1882-жылында Фергана тарыхын жазган Мидендров мындай дейт: «Биздин эрадан 100-жылдар мурун Котон (Кытайда) шаарынын тегерегинде усун турган. Жужандар Фергананы алганда, анын колунан усундар Фергананы тартып алган. Биздин II кылымдан мурун Ферганада усун аттары жакшылыгынан «асман» аттары аталган. Дайсин Етучинин айтууна караганда эң эски заманда Котон тоосунун тегерегинде «булу» деген кыргыз болуп, кытай менен байланышып турган. Бул кыргыздар биздин эранын IV кылымында Тянь Шань тоосуна келген Григорьев Кытайдын Синчи Жан (Күн чыгыш Туркистан) жөнүндө мындай деген:

«Хан падышанын заманында кытайлар канчалык аскер баштыкты аскери менен гунь жана кыргыз-казакка каршы жиберген. Биздин эрадан эки кылыш мурун Котондон Лупнурга жете ари наслинен ак жүздүү, кой көздүү усун турган. Биздин эрадан 49—70 жылдар арасында падышалык кылган Кытай падышасы Суанды деген киши усун ханынын кичи баласы Ван Нан Ю (Варрируга) чоң жардам көрсөткөн. Ал Кытай падышасына барганда падышасынын вазирлеон Варниру аркалуу усун, менен жакындашып, түн жагындагы душманы гуньга каршы турмакка Варниоуга элчи кошуп, Котонго узаткан. Жолдо келе жатканда Варнирунун жеңил шайкелеңдиги билинип, хандыкка ылайык эмес экен деп билген. Варнирунун кичи иниси Варнируну кытай элчисине кошуп өлтүрүп, башка мамлекеттер менен, Кытай менен дос болгон.

Биздин эрадан 436-жылында кытайлар усунга элчи жиберип, усундар тартуу менен кытайга элчи жиберип турган. Мындан соң тарыхта усун көрүнбөйт. Казак ичинде усун деген урук калган. Чулижников (24бет. — 1924-ж. 24окт.) кыргызды, усунду түрк деген. Мусулман тарыхчылары: «кыргыз — кыргес, кыругуз» деген сөздүн кыскартылганы, кыргыз дейт. Менин билүүмчө «40-жүз» «кырк угуз», «кырк кыз» жана «кырк усун» деп кыскартылганы кыргыз болмогу мүмкүн.

Кыргыз өзү кырк кыздан таралганбыз дейт. Кырк кыздан таралды деген сөз тарыхта бар. Өзбектин эски динчил, алдамчы молдолоору — аналак-муналак кырк кыздан кыргыз таралыптыр деп акылга сыйбай турган икаяларды айтат.

Радловдун айтууна караганда кыргыз өзү кырк кыздан таралдык дейт экен. Буга бир далил — ушул могол элинин Юан урук падышалыгынын тарыхында кыргыз демек, «кырк усун, кыр усун, Кытайдан кырк кыз алып, ошолордон таралган кырк кыз — «кырк өсө» деген сөздөн кыргыз аталып кетти дейт.

Кыргыздын мурунку феодалдары бабаларыбыздан калган адет деп кырк жигит жыйган. Маселен, Кокон заманында солто кыргызынын феодалы Канай, сарбагыш кыргызынан Бектен менен Шабдан, бугу кыргызынан Балбай. Кырк жигит атагы болгон менен Шабдандын жигити он-он бештен өтпөгөн, эски заманда Манастын кырк чоросу болгон.

Лигетинин сөзүндө биздин эранын VIII кылымында могол уйгурдун тарыхында кыргыз болгон. Ушуга жете кытай тарыхчыларынын берген кабарынан жаздым. Эми башка элдин тарыхынан кабар берейин: урум падышачылыгынын тарыхында (История Византийской империи) биздин эранын 568-жылында Рум падышасы экинчи Юстун түрк каны Дизавулга (Таласта турган) Зив Марх деген элчисин жибергенде Дизавул Рум падышасына кыргыз наслинен бир күң жиберген.

Араб тарыхчыларынын кабары: Мараати Ликайнот деген тарыхта — хиркис түрктүн эн эски уукасынан деген. Истахри хавхали жана башкалары хиркис деген. Биздин II кылымда болгон Махмуд Кашкары Тянь Шань тоолорунун чөлкөмүндө кыргыз бар деген. Персия тарихчиси Тардизи — кыргыз — кыргыз деп жазган. Ушул Иран тарыхчысы Гардизи биздин кылымдын 1050—1051-жылдарында Газнаевит султаны жаздырган «Зейнал ахбар» деген тарыхында мындай жазат: «Кыргыздын насили орус (славян) хандарынын тукуму, Когман тоосунун нары чети күндүк жерде кыргыз турат. Кээ кыргыз уйга, кээ кыргыз шамалга, кээси кирпиге, кээси сагызганга, кээси көркөм жыгачка табынат. Кыргызда кашнун деген бар. Алар келердеги окуядан кабар берет. Түсү ак, чачы кызыл, бою узун» дейт.

Тогузугудан кыргызга баруучу жол: Чинанжикенттен Казанга, андан Лукбекке, андан Кемизартка, андан бир же эки ай көйкөлгөн чөптү басып, дагы беш күн талаа менен жүрүп, Кемизден Мамбеклуга тоо басып, эки күндүк жол, андан токойго түшөт. Андан ары далаа башталат, Мамбеклуга жете аң уулашуу өтө ылайык. Бул бийик тоо. Мында сүлөөсүн менен ак тыйын көп. Мамбеклудан соң Көгмөнгө барат, жолдо малга жайыт, аң жана суусу көп, ошондой жол менен төрт күн жүрүп Көгмөнгө барат. Көчмөн эң чоң тоо, бул тууралу Орхон жазууларында көп учурайт. Бул тоонун жолу тар, жыгачы көп, ал тоодон кыргыздын борборуна жети күндүк жол. Бул талаа менен жүрүп, чөбү өтө мол, булагы көп жана жыгачтан кармап шибе кылып койгон, ошон үчүн жоо өтө албайт. Кыргыздын турагына жете жолдун баары бак сыяктуу. Кыргызда бул жер жана макталуу. Бул жерге үч жол барат. Ошолор менен гана жүрүшкө болот. Мындан башка жери тоо болуп, анын арасында токой черди шибелеп тоскон. Бул айтылган үч жолдун бири күн жүрүштө Тогуз угузга кетет. Экинчиси, күн батышка Кыпчаки (Гымакка) жана Карлукка кетет. Үчүнчүсү, талаа менен үч ай куру деген көп элге жеткенче жүрөт. Буга дагы экинчи жол кетип, сол жакка жүрүп, эки айлык жол, бирок бул соңгусу өтө кымбат, дайым токой. бийик каптал жана тар жылгалар менен жүрүү керек. Жолду ката чоң суу, дайым жааң, ким бул жол менен жүрсө, жакшылап тийиштүү камын жеши керек жана киймин чыңаш керек. Жердин баары суу, Жерге нерсе коюу мүмкүн эмес. Ушул саздак жерден өткөнчө аттын куйругун кармап жүрүш керек. Бул сазда эч кимге катышпаган жапайы эл бар. Булар башка элдин тилин билбейт жана анын тилин киши билбейт. Алардын тилин эч ким билбейт. Булар эң жапайы адам. Бар нерсесин аркасына салып көтөрүп жүрөт. Алардын бар мүлкү аңдын териси, эгерде буларды ошол саздан алып чыгарсаң, алар колго түшкөн балыктай туйлап, бултулдайт. Кийимдери аңдын терисинен, жаасы жыгачтан, тамагы аңдын эти, алардын дини ушул: эч убакта башка кишинин кийими менен мүлкүнө тийбейт. Бирөө менен согушаарда катын-баласын ала барып согушат. Душманын жеңген болсо, алардын мүлкүнө катышпастан, бир нерсе албастан өрттөп жиберет. Жалгыз темир жабдыгын алат. Катыкы менен кошуларда төрт аяктап туруп кошулат. Малын малга, жаки аң, жыгачы көп жер берет. Алардан кээ бири кыргыздын колуна түшсө, тамгын ичпейт. Эгерде бир дос кишисинин көңүлүн калтырса, андан качып жоголот. Өлгөнүн тоого алып барып, чиригенче жыгачка асып коёт. Кыргыз жеринен жыпар, жүн, тери, куту алып келет. Куту деген бир түрлүү айбандын мүйүзү. Кыргыздар үндүгө окшоп өлүгүн өрттөп жиберет. «От биринчи таза, нени болсо да, таза кылат. Ушул себептен өлгөндү күнөөдөн таза кылат деп билет». Кыргыздын арасында Фагинун дегени бар, ар жылында бир белгилүү күндө келип, комузчу, кыякчы жана ошондойлорду бүт жыйып алып той кылат. Комузчу, кыякчы башкалары оюнга келишкенде Фагинундун эси ооп калат. Мындан соң эмне болбосун ушул жылдагы тарчылык, .кенендик, жаан, кургакчылык, кооптуулук, тынчтык жоо болорун бүткүл айтып берет. Көбүнчө Фагинунун айтканы келет.

Бул замандагы кыргыздын бакшы бүбүсү ойногондо комузчу же кыякчы ойномоюн, бакшы-бүбүнүн жини түшпөйт, демек келеркиден кабар сөө бере албайт. Биздин кылымдан — эрадан — үч кылым мурун кыргыз өзүнчө зор мамлекет болгондугун, аны гунь калкы падышалыгынан ажыратып, бытыраткандыгын, кийин гунларды кыргыз менен кытай бирлешип, биздин эранын 93-жылында жеңгендигин жогоруда көрдүк Эми гунлардын ким экендигин жана анын саясы жагын бир аз көрсөтөйүн. Гунлардын биздин эрадан үч кылым мурунку ал-авалы тарыхтарда бир далай маалим. андан мурунку ал-жайынан тарыхтардан учурата албайсың.

Биздин эрадан үч кылым мурунку (кыргызды жеңилген доору — убагы) гунлардин баштыгы Модахан (кытай — Чан Юй, түрк —- Угузхан) дейт. Бүтүн түрк элин күн чыгышта зор мухит (Великий или Тихий океан) деңизинен тартып, күн батышта Эдил жайыкка (Волга), Уралга жете бүткүл баарын өз кол алдына караткан. Түн жак Кытай, Иран, Армян, Шам, Египет. Индустанга чейин алган. Модахан бүткүл элин 24 өлкөгө бөлүп, элин он, жүз, миң, он миң, жүз миңге айырып, баштык коюп, иретке салган. Эл жыйып, калк арасындагы адет, расимди күчөтүп, жалпы элге жараша мийзам кураган. Модахан биздин эрадан 174 жыл мурун өлгөн. Биздин эранын 48-жылында Гунь мамлекети — «түн жак» жана «күн жак» деп эки мамлекетке бөлүнгөн. Тянь Шань тоосунун тегерегиндеги гунлар жана күн жак мамлекети Кытайдын саясатына кирген. Бир бөлүгү Алтай тоосуна качып корголоп калган. 

Биздин эранын 93-жылында Кытай менен кыргыз-дан жеңилген гунлар Орол тоо, Волгадан (Эдилден) өтүп, Дон дарыясындагы «Аландарды» каратып, Дондун күн батышындагы гунларга чабуул коюп, анын 110 жаштагы карыган падышасы Арманарихти өлтүргөн. Остгуттердин бир бөлүгү гунларга баш ийип, бир бөлүгү качып Вестгут, Остугуттарга кошулду. Вестгуттар болсо, Рум мамлекетине барып сыйынды (Остгот; Вестгот деп азыркы Германияны айткан). Жаврова эли биринчиден, Гуньдан үркүп качып, экинчиден, өздөрү бирин-бири кысып, жалпы баарысына коркутуу түшүп калтыраган. Гунлар Рум мамлекетине чабуул кылды. Элин үркүттү. Тарыхта бул доорду «Элдин зор которулушу» (Великая переселение народов) дейт. Гунлардын Ругил деген ханы биздин эранын 433-жылдарында өлүп, анын ордуна Атылла деген хан болуп, мамлекетинин чеги күн чыгышта Волга (Эдил), күн батышта Рейн (Германия, Франция ара-сындагы суу), түн жагы Балтика деңизи, түн жагы Македония болуп, эки ортодогу элге ээлик кылып турган Дунай дарыясынын боюндагы бүткүл шаарды каратып, кээсин талкалап, кээсин өзүнө бой сундурду Атылла Дания жана Венгрия жерлеринде чатырда турду. Гунларга орустун түпкү бабалары славяндар табы болуп турду.

Колдонулган адабияттар

  • Б. Солтоноев, "Кызыл Кыргыз тарыхы". 1 том.

Tags:

Кыргыздар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Шүкүрбеков РайканТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүКаада- салттар,ырым-жырымдарАбдылдабек Алымбек датка уулуАбай КунанбаевЭкологиялык факторлорКан агууЭлектр кыймылдаткыч күчүКалендарьАла-Арча Улуттук ПаркЖалал-АбадЖердин айлануусуМутацияТоктогул ГЭСиЛексикалык мааниАалы ТуткучевБир өңчөй мүчөҮндүү тыбыштарБөйрөк оорусуРельефтин жалпы мүнөздөрүАлфавитИлбирсКомузТөрөтФосфорКыргыз философиясыСолтоноев Белек Солтонкелди уулуАйтиев Гапар АйтиевичЖылдызКытай кыргыздарыТехнологияТайлак баатырКыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездиКитепМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Химиялык элементБиоценоздогу организмдер байланышыКыргызстандын гимниВитамин жетишсиздигиМанас эпосу, ЭнциклопедияАлаш (партия)Ак канОмонимАмерикаСинтетикалык каучукКислотаҮндөштүкАтоочтукТашкөмүр ГЭСиЖыйырма сегиз панфиловчуларКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыБайыркы кыргыздарЧакчылМанас эпосуАстероидЖаңыл МырзаБулганыч сууларды тазалооОрозбак уулу СагымбайКазакстанСөз айкашыДаникеев, ӨскөнРоза, гүлУсун мамлекетиБириккен Улуттар УюмуКыргызстандын гербиЧүчөк (энтеробиоз)Жусуп БаласагынКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарБоз үйдүн негизги жабдууларыКулакка тартууТүшүндүрмө мүчөКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыКыргыз Республикасынын президенттериАлай өрөөнүАлыкул ОсмоновЖакып«Манасты» которуу🡆 More