Класс же жик (лат.
classis — топ) — биологиялык систематикадагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мисалы, кемирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр классына биригет. Жалпы түзүлүштөгү жана келип чыккан теги бир класстын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бөлүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мисалы, жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жаныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү жана эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык уруктуулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Класс (биологияда), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.