Виктория - Сейшель Аралдары мамлекетпнин борбору.
Калкы 22,6 миң (2006). Маэ аралынын Түндүк-чыгышында жайгашкан. Инди океанынын жээгиндеги порт (копра, кокос жана эфир майлары, ванил, корица, балык экспорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1778-ж. Порт-Руаяль деген ат менен негизделип, 1841-ж. королева Викториянын урматына аталган. 1903-76-ж. англиялык колониянын административдик борбору, 1976-жылдан көз каранды эмес Сейшель Аралдары Республикасынын борбору. Саат мунарасы (1903; Лондондогу Биг-Бен сааты менен Ыйык Стефан мунарасынын көчүрмөсү), собор, политехникалык институт (1983), улуттук китепкана (1910) жана музей (1964) бар. Ботаникалык бак (1901), орхидея гүлдөрү бакчасы уюшулган. Шаардын экономикасынын негизин чет элдик туризм жана балыкчылык түзөт. Тамак-аш (анын ичинде балык беленделет, пиво кайнатылат), тамеки, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Викторияга жакын улуттук Ыйык Анна деңиз паркы жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Виктория, Сейшелдер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.